КАШЫК КАНЫН АЯБОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бардык күчүн, бүт мүмкүнчүлүгүн сарптоо, эч тартынбоо, бүткүл күчүн жумшоо. Калкынын ысык-суугуна кашык канын аябастан кажыбай түтүш керек (Көчкөнов). Бел байлаган кармаштан баш тартпас, кашык канын аябас Токтогулун камандарга чалдырбай, коргоп каларын билдиришти (Бейшеналиев). В.: Кашык канын берүү. Мен сага кашык канымды берүүгө даярмын («Ала-Тоо»).