Киргизско-русский словарь Юдахина
катыш I
и. д. от кат- V
1. участие;
революциячыл кыймылга катышкан он принимал участие в революционном движении;
2. отношение; сношення, общение, связь;
уруучулук катыштары родовые отношения;
элдердин карым-катышы взаимосвязи народов;
биздин үй-бүлөөлөр бир-бири менен катыш мы знакомы домами;
байланыш-катыш см. байланыш I;
3. примесь;
катышы жок без примеси.
катыш- II
взаимн. от кат- V
1. прибавляться, прилагаться;
2. вмешиваться; участвовать, принимать участие;
ишке катыш- принимать участие в деле, в работе;
заседанияга катыш- принимать участие в заседании.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Байланыш, мамиле, катнаш. Ороз ыраматылык.. март адам эле. Кезегинде катыш элек (Бейшеналиев).
КАТЫШ II этиш. 1. Аралашуу, башкалар менен кошо, бирге аракет кылышуу. Бул ишке актив өзү баштап комсомол, пионерге чейин катышсын! (Сыдыкбеков).
2. Катташуу, келип-кетишип туруу, байланышта болуу. Келип-кетип катышсак, Айныбаска антташсак (Үсөнбаев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Бири-бири менен байланышып, алыш-бериш кылып, мамилелешип туруу» маанисиндеги катыш этиши кат+ыш бөлүктөрүнөн турат. Анын кат уңгусу алгач «кош, аралаштыр» (ДТС, 432) маанисин берген. Этиштин кош мамилесинин -ыш мүчөсү уланганда келип чыккан катыш сөзү кыргыз тилинде азыркыдай маани берип калган. Байыркы түрк тилинде катыш этиши «кош, аралаштыр» маанисин гана берген. Бирок катыл этиши ал кезде азыркы кыргызча катыш этишинин маанисинде колдонгонуна караганда ошол убакта катыш сөзүнүн азыркыга жакын мааниси да жаралган болуу керек.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бири-бири менен катнашуу, катнаш кылуу мамилеси, келим-кетим, алдым-бердим байланыш. Катышы жок Курманбек, Кашкардагы эл менен («Курманбек»). Биздин катышыбыз жок (Бейшеналиев). Кара кан кызы Каныкей, Катышкан экен бепбекер («Манас»). Келип-кетип катышсак, Айныбаска антташсак («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Тиешелүүлүк, кандайдыр бир байланышы бар экендик. Менин маселемдин сиздин ишке кандайча катышы бар экенине түшүнө албадым («Чалкан»). 3. Алыш-бериш кылган, катышкан адамдар. Кудалар келип-кеткенден кийин катыштарын кешик ооз тийип кетүүгө чакырды. Айжаркындар биздин катышыбыз болот деди Ажар курбусуна («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аралашуу, башкалар менен кошо аракет кылышуу, катнашы бар болуу. Макиш тамашага катышып, кыргыздын ырын ырдаганда ал ого бетер телмирди (Сыдыкбеков). Жайкы оруп-жыюу ишине жигердүү катышкан жаштар тобунун иштери жөнүндө айтылды.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАТЫШТЫК ШАЙЛОО ТУТУМУ (өкүлчүлүктүн пропорциоалдык тутуму) – өкүлчүлүктүү органга өздөрүнүн талапкерлерин койгондо, мандат партиялардын ортосунда алар алган добуштардын санына ылайык бөлүштүрүлүүчү шайлоолордун жыйынтыгын аныктоо тартиби. К. ш.т-нда арбир партия өз талапкерлеринин тизмесин жылдыруучу чоң шайлоо округдары түзүлөт, ал эми шайлоочу тийиштүү партиянын тизмеси үчүн добуш берет. Мындан сыркары, бир депутаттык мандаты алуу үчүн зарыл болгон эң аз добуштун чеги белгиленет. Мандаттарды партиянын ичинде бөлүштүрүү, эреже катары, талапкерлердин тизмеде жайгашкан тартибине жараша ишке ашырылат. К.ш.т. бүтүндөй парламенттин шайлоодо (Дания, Португалия, Люксембург, Латвия), же болбосо төмөнкү палатаны шайлоодо ганан (Австралия, Австрия, Бельгия, Польша, Бразилия), же болбосо төмөнкү палата курамынын1/2ин (ГФР, ошондой эле РФдеги 1993-жылдын 12-декабрындагы шайлоолордогудай) шайлоодо колдонулат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от катыш- II
1. примешивать, смешивать, прибавлять;
сөз катыштыр- вставить слово к месту;
ал сөз катыштырды, мен макул болдум он вставил слово, я согласился;
2. вмешивать; привлекать к участию;
көпчүлүктү катыштыр- привлекать массы.