Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Байланыш, мамиле, катнаш. Ороз ыраматылык.. март адам эле. Кезегинде катыш элек (Бейшеналиев).
КАТЫШ II этиш. 1. Аралашуу, башкалар менен кошо, бирге аракет кылышуу. Бул ишке актив өзү баштап комсомол, пионерге чейин катышсын! (Сыдыкбеков).
2. Катташуу, келип-кетишип туруу, байланышта болуу. Келип-кетип катышсак, Айныбаска антташсак (Үсөнбаев).