Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Бири-бири менен байланышып, алыш-бериш кылып, мамилелешип туруу» маанисиндеги катыш этиши кат+ыш бөлүктөрүнөн турат. Анын кат уңгусу алгач «кош, аралаштыр» (ДТС, 432) маанисин берген. Этиштин кош мамилесинин -ыш мүчөсү уланганда келип чыккан катыш сөзү кыргыз тилинде азыркыдай маани берип калган. Байыркы түрк тилинде катыш этиши «кош, аралаштыр» маанисин гана берген. Бирок катыл этиши ал кезде азыркы кыргызча катыш этишинин маанисинде колдонгонуна караганда ошол убакта катыш сөзүнүн азыркыга жакын мааниси да жаралган болуу керек.