Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бири-бири менен катнашуу, катнаш кылуу мамилеси, келим-кетим, алдым-бердим байланыш. Катышы жок Курманбек, Кашкардагы эл менен («Курманбек»). Биздин катышыбыз жок (Бейшеналиев). Кара кан кызы Каныкей, Катышкан экен бепбекер («Манас»). Келип-кетип катышсак, Айныбаска антташсак («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Тиешелүүлүк, кандайдыр бир байланышы бар экендик. Менин маселемдин сиздин ишке кандайча катышы бар экенине түшүнө албадым («Чалкан»). 3. Алыш-бериш кылган, катышкан адамдар. Кудалар келип-кеткенден кийин катыштарын кешик ооз тийип кетүүгө чакырды. Айжаркындар биздин катышыбыз болот деди Ажар курбусуна («Кыргызстан маданияты»).