Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бирөө тарабынан болгон кол кабыш, экинчи тараптан болгон ар кандай көмөк. Бүбүш үч күндөн бери арык казгандарга жардам берип жүргөн эле («Ала-Тоо»). Өрт чыкканда элди жардамга чакырууга да үлгүрө албай калдык (Абдукаримов). 2. Материалдык, моралдык, духовный ж. б. жактан көрсөткөн колдоо. Колхоздун жардамы менен эки бөлмөлүү там салдырып алды (Байтемиров). Майданга жардам болсун деп, Казышкан канал бул жерден (Маликов). Жанын кыйып жардам берип жеңишке, Ал учурган фашисттердин үрөйүн (Маликов). Ой, энеке, сенден күчтүү жан барбы, Кандай күч бар сенден жардам күтпөгөн (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жардам берүүчү, көмөк көрсөтүүчү. Агроном жардамдаш, Ар өсүмдүк септирсе, Анысы өскөн кыргыздын (Калык). 2. Ар кандай жумушка ишке кол кабыш кылуу, кандайдыр бир үлүшүн аткарууда кошо иштешүү, жардам көрсөтүү. Мен аларга жардамдашып кап көтөрүштүм (Абдукаримов). Сапар апасына жардамдаша баштады (Сасыкбаев). 3. Материалдык, моралдык, духовный ж. б. жактан колдоо көрсөтүү, көмөктөш болуу. Бирок мага акыл жагынан жардамдашкылачы (Жантөшев). Бактылуу замананы курууга жардамдаш (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бирөөгө кандайдыр бир иш боюнча жардам көрсөтүүчү, жардам бере турган адам.
2. Кандайдыр бир ишке жетекчилик кылган же ал иштин негизги аткаруучусу болгон адамга баш ийген, ага жардам бере турган, айрым учурда анын орун басары катарында милдет аткара турган адам. Машинисттин жардамчысы. Мастердин жардамчысы.
¨ Жардамчы сөздөр — өзүнчө лексикалык мааниге ээ болбогон, негизги сөздөрдүн арасындагы байланышты гана билдирип, грамматикалык мааниде гана колдонулган сөздөр (мис., байламталар, жандоочтор ж.б.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөгө кандайдыр бир иш, жумуш боюнча жардам көрсөтүүчү, көмөктөш болуп кол кабыш кылып, кошо иш жүзүнө ашыруучу. Токторго аялы жумушта эң ишеничтүү жардамчысы болду (Абдукаримов). 2. Кандайдыр бир ишке жетекчилик кылган же ал иштин негизги аткаруучусу болгон адамга баш ийип, ага жардам бере турган, айрым учурда анын орун басары катарында милдет аткара турган адам. Машинисттин жардамчысы. Мастердин жардамчысы. || Керкибай райондогу мекемелердин биринде жардамчы бухгалтер (Каимов). 3. Негизгисинен тышкары кошумча. Жардамчы суроолор берүү.