Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бирөө тарабынан болгон кол кабыш, экинчи тараптан болгон ар кандай көмөк. Бүбүш үч күндөн бери арык казгандарга жардам берип жүргөн эле («Ала-Тоо»). Өрт чыкканда элди жардамга чакырууга да үлгүрө албай калдык (Абдукаримов). 2. Материалдык, моралдык, духовный ж. б. жактан көрсөткөн колдоо. Колхоздун жардамы менен эки бөлмөлүү там салдырып алды (Байтемиров). Майданга жардам болсун деп, Казышкан канал бул жерден (Маликов). Жанын кыйып жардам берип жеңишке, Ал учурган фашисттердин үрөйүн (Маликов). Ой, энеке, сенден күчтүү жан барбы, Кандай күч бар сенден жардам күтпөгөн (Токомбаев).