Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөгө кандайдыр бир иш, жумуш боюнча жардам көрсөтүүчү, көмөктөш болуп кол кабыш кылып, кошо иш жүзүнө ашыруучу. Токторго аялы жумушта эң ишеничтүү жардамчысы болду (Абдукаримов). 2. Кандайдыр бир ишке жетекчилик кылган же ал иштин негизги аткаруучусу болгон адамга баш ийип, ага жардам бере турган, айрым учурда анын орун басары катарында милдет аткара турган адам. Машинисттин жардамчысы. Мастердин жардамчысы. || Керкибай райондогу мекемелердин биринде жардамчы бухгалтер (Каимов). 3. Негизгисинен тышкары кошумча. Жардамчы суроолор берүү.