ЖАРДАМДАШ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жардам берүүчү, көмөк көрсөтүүчү. Агроном жардамдаш, Ар өсүмдүк септирсе, Анысы өскөн кыргыздын (Калык). 2. Ар кандай жумушка ишке кол кабыш кылуу, кандайдыр бир үлүшүн аткарууда кошо иштешүү, жардам көрсөтүү. Мен аларга жардамдашып кап көтөрүштүм (Абдукаримов). Сапар апасына жардамдаша баштады (Сасыкбаев). 3. Материалдык, моралдык, духовный ж. б. жактан колдоо көрсөтүү, көмөктөш болуу. Бирок мага акыл жагынан жардамдашкылачы (Жантөшев). Бактылуу замананы курууга жардамдаш (Жантөшев).