Киргизско-русский словарь Юдахина
жалган I
1. ложь, враки, неправда; ложный;
көбү жалган, көбү чын - көрүп турган киши жок фольк. многое тут ложь, многое правда - нет человека, который бы это видел (один из зачинов к эпосу "Манас");
сизге жалган, мага чын хотите - верьте, хотите - нет (букв. вам - неправда, мне - правда);
жалган сүйлө- говорить неправду, лгать;
жалган теория ложная теория, лжетеория;
жалгандан притворно;
сөздү жалган кылбайлы не будем мы лживы в словах; сдержим обещание;
2. подложный, фальшивый;
жалган расписке подложная расписка;
жалган документтер фальшивые документы;
3. (точнее жалган дүйнө) тленный, бренный, непостоянный мир ("этот" в отличие от "того", загробного);
бир күнү мен да өчөмүн, жалгандан бир күн көчөмүн фольк. когда-нибудь и я угасну, переселюсь из тленного мира;
жалган жеринен напрасно, облыжно, незаслуженно;
жалган жеринен карала- облыжно обвинять;
жалган таанык см. таанык.
жалган- II
возвр.-страд. от жалга- II
1. надставляться, быть надставляемым;
2. соединяться, быть соединяемым.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Калп, чын эмес. Жалганы жок ичинде, Жакшы айтты сөздүн ырасын (Үсөнбаев). Бул сөзүндө жалган жок (Тоголок Молдо).
  1. 2.                  Чыныгы эмес; жасалма. Жалган расписка. Ревизионисттер — бул жалган марксисттер («Коммунист»).
  2. 3.                  дин. Түбөлүк эмес, убактылуу дүйнө. Анык булбул экенсиң, Бу жалганга бир келген (Токтогул). Жалганда ишиң оңолот, Жакшы болсо алганың (Токтогул). Өткөн соң жалган дүйнөдөн, Өбөктөсөң табылбайт (Барпы).

¨ Жалган түш — түшкө жакындап калган убакыт. Күн жалган түш (Сыдыкбеков). Күн обого толгондо, Жалган түш жаңы болгондо («Манас»).
ЖАЛГАН II жалга этишинин өздүк мамилеси.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
жалган (калп)
жалган билдирүү (ук.)
жалган вексель (экон.)
жалган документ
жалган дүйнө
жалган капитал
жалган куран (март айы)
(эск.)
жалган күбөлүк (ук.)
жалган муун (зоол.)
жалган түш
жалган-чын
жалган этимология тил.
жалган кычы (биол.)
жалган чаңгыл кебер
жалган зым курт
жалган эчки маарек

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«жалга- II 1. надставлять; 2. соединять; 3. перен. помогать (оказывать благодеяние); кар жаагандай – каргаса, жамгырча жок – жалгаса стих. если ругает (бай), (то) как снег идёт, если помогает, (то) меньше дождевой капли; кудай жалгасын! или теңир жалгасын! да поможет бог!; да благословит бог!; кудай бет алган жактан жалгасын дай бог удачи в начинании; андан «жалгасын» албайсың ты от него благодарности не получишь; от него добра не жди; <> этегинен жалгады она разрешилась от бремени; кол жалгап, тигини алып берсеңиз будьте добры подать мне вон то; ак жалгасын! этн. да благословит белое! (говорят в тех случаях, когда на одежду случайно прольётся молоко; считается хорошей приметой)» (Юдахин 1965:220). Ушул сөздөн жасалган «жалга+н» сөзү башында «канат-куйрук бүтүрүп, кошумчалап айткан сөз» деген мааниде колдонулса, кийинчерээк мааниси кеӊейип, «туура эмес, калп, төгүн, өтүрүк сөз» маанисин туюндуруп калган (Сейдакматов 1988:84).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Калп, төгүн сөздөрүнө маанилеш болгон жалган сөзү жалга+н бөлүктөрүнөн куралган. Анын жалга уңгусу «ула, кош» деген мааниде азыр да өзүнчө сөз катары колдонулат. Ошол этишке -н мүчөсү жалгануудан келип чыккан жалган алгач сөз деген сөз менен тизмектелип гана айтылган: жалган сөз. Кийин ал түшүрүлүп айтылса дале, мурдагы экөө биригип айтылгандай маани туюнтууга өткөн. Натыйжада жалган сөзү өзүнчө сөзгө айланып, кийин анын жалган дүнүйө деген сыяктуу учурда да айтылышына мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Алгачкы жалган сөзү бирөөнүн сөзүн өз калыбында өзгөртүүсүз айтпай, ага дагы башка сөздөрдү кошуп, улап айтканына карата гана айтылган. Кийин ал мааниси кеңип, «туура эмес, калп айтылган сөз» деген маани берип калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Калп, туура эмес, төгүн, чындыгы жок. Аны да сүрүштүрүп көрдүк, Жалган болуп чыкты (Жантөшев). Токто эже, жалган болсо да сүйлөсүнчү! – деди Мукарама (Жантөшев). || Чыныгы эмес, жасалма. Жалган расписка. Жалган документ. 2. өт. сүйл. Күнүмдүк дүйнө, бу дүйнө, түбөлүк эмес. Анык булбул экенсиң, Бу жалганга бир келген (Токтогул). Аз күн калды, кош айтам, Жарык дүйнө – жалгандан («Саринжи-Бөкөй»). Жалгандан көзүм жумулса, Эсиңден Бөкөй чыгарбай, Сыйлагын менин арбагым («Саринжи-Бөкөй»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛГАН БҮТҮМ – башка бир бүтүмдү жаап-жашыруу максатында жасалган бүтүм. Ж.б. эчтемкеге арзыбайт, б.а. аны соттун ошондой деп тааныган-тааныбаганына карабастан, түзүлгөндөн тартып эле жараксыз болуп саналат. Бүтүмгө иш жүзүндө тараптар эмнени ойлошсо, ошол эреже колдонулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛГАН ЖАРНАМА – жарнама берүүчү (жарнама өндүрүүчү, жарнама таркатуучу) анын жардамы менен жарнама керектөөчүлөрдү атайылап жаңылыштыкка түртө турган жарнама. КР мыйзамдарында атайылап жасалган жалган жарнамаларга жол берилбейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛГАН ЗЭЭРЧИЛИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча, жасалма акчаны же баалуу кагазды жасоо менен сатууну көздөгөн экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштардын бири. Чыныгы акча белгисине же баалуу кагазга окшош жасалма акчаны же баалуу кагазды жасоонун баардык ыкмасы (колдон сүрөт түшүрүү, техникалык каражаттарды, көбүнчө ксерокөчүрмөнү ж. б. колдонуу аркылуу) жасоо катары эсептелет. Ошону менен бирге, окшоштугу максатка жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш – жасалма акчаны же баалуу кагазды сатууга.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛГАН ИШКЕРДИК – экономикалык ишмердик чөйрөсүндөгү кылмыш. Объективдүү алганда бул кредит алууну, салыктардан кутулууну, башка мүлктүк пайда алууну же жарандарга, уюмдарга же мамлекетке ири зыян келтирүүчү тыюу салынган ишти жашырууну максат кылган ишкердикти же банк ишмердигин ишке ашырууну көздөбөгөн коммерциялык уюмду түзүү болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛГАН КУДУРЕТСИЗДИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган экономикалык ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыш; эгер ал жосун ири зыян алып келе турган болсо, коммерциялык уюм жетекчисинин же ээсинин, ошондой эле жеке ишкердин карыздарын кийинкиге жылдыруу же азайтуу үчүн, демек карыздарын төлөбөө үчүн кредит бергендерди алдоо максатында өзүнүн кудуретсиздигин атайылап бурмалоо жолу менен жарыялоо. Ж. к-тин белгилери табылганда, прокурор ишкананын кудуретсиздиги тууралуу иш козгоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга акысы бар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛГАН МОЮНДОО – шек саналуучунун, айыпталуучунун, соттолуучунун иш жүзүндө андай болбогон кылмышты мен жасадым деп алдынала тергөө органдары менен сотту ынандыруу максатында атайылап жалган көрсөтмө берүүсү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛГАН НИКЕ – жубайлардын чын ниетинен чыкпаган же алардын бири никени каттагандан кийин, кандайдыр бир пайда табууну көздөгөндүгүнөн улам келип чыккан нике. Ал жараксыз деп табылат. Эгер никесин каттаган адамдар иш сот тарабынан каралганга чейин эле иш жүзүндө үйбүлө түзүп алган болсо, сот аны жалган нике катары жокко чыгара албайт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
лгун, лжец, враль;
жалганчы бол- оказаться лжецом; не едержать слова;
жалганчынын чын сөзү жалганга кетет погов. (даже) искреннее слово лжеца сходит за ложь;
жалганчы аксактан мурда колго түшөт погов. враль попадается скорее, чем хромой;
жалганчы дүйнө то же, что жалган дүйнө (см. жалган I 3).