Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Калп, чын эмес. Жалганы жок ичинде, Жакшы айтты сөздүн ырасын (Үсөнбаев). Бул сөзүндө жалган жок (Тоголок Молдо).
  1. 2.                  Чыныгы эмес; жасалма. Жалган расписка. Ревизионисттер — бул жалган марксисттер («Коммунист»).
  2. 3.                  дин. Түбөлүк эмес, убактылуу дүйнө. Анык булбул экенсиң, Бу жалганга бир келген (Токтогул). Жалганда ишиң оңолот, Жакшы болсо алганың (Токтогул). Өткөн соң жалган дүйнөдөн, Өбөктөсөң табылбайт (Барпы).

¨ Жалган түш — түшкө жакындап калган убакыт. Күн жалган түш (Сыдыкбеков). Күн обого толгондо, Жалган түш жаңы болгондо («Манас»).
ЖАЛГАН II жалга этишинин өздүк мамилеси.