ЖАЛГАН
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКалп, төгүн сөздөрүнө маанилеш болгон жалган сөзү жалга+н бөлүктөрүнөн куралган. Анын жалга уңгусу «ула, кош» деген мааниде азыр да өзүнчө сөз катары колдонулат. Ошол этишке -н мүчөсү жалгануудан келип чыккан жалган алгач сөз деген сөз менен тизмектелип гана айтылган: жалган сөз. Кийин ал түшүрүлүп айтылса дале, мурдагы экөө биригип айтылгандай маани туюнтууга өткөн. Натыйжада жалган сөзү өзүнчө сөзгө айланып, кийин анын жалган дүнүйө деген сыяктуу учурда да айтылышына мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Алгачкы жалган сөзү бирөөнүн сөзүн өз калыбында өзгөртүүсүз айтпай, ага дагы башка сөздөрдү кошуп, улап айтканына карата гана айтылган. Кийин ал мааниси кеңип, «туура эмес, калп айтылган сөз» деген маани берип калган.