1. (чаще жарак-жабдык) оружие;
2. предметы снабжения, оборудования; инструментарий.
зат. Ар кандай жарак, курал, шаймандар. Жабдык алып бирдик менен, Эмгекчинин камы үчүн, Пролетариат өлкөбүздү Тап душмандан сактаган (Осмонкул). Бригадалар жабдыктарын көтөрүп жумушка бет алышты (Сыдыкбеков).
¨ Ат жабдыктары — ат жасалгалары (ээр-токум жүгөн, куюшкан ж.б.). Шарактап күмүш жабдык Минген жорго (Аалы). Жабдыктын көркү жоргодо (Токтогул).
жабдык, жабдыгы, жабдыкка
1. Ар каңдай эмгек куралдары, шаймандар, аспаптар. Сапар жабдыктарды жыйнап балдардан артта калды (Сасыкбаев). Бригадалар жабдыктарын көтөрүп, жумушка беталышты (Сасыкбаев). // Үй жабуулары, көбүнчө боз үйгө керектелүүчү жабык баш, кереге чалгыч, тегирич ж. б. сыяктуу жасалгалар. Үй жабдыктары мыкты чеберлердин колунан чыккандай келишкен. || Ат жабдуулары, ээр-токум, жүгөн, куюшкан ж. б. сыяктуу ат жасалгалары. Шарактап күмүш жабдык, минген жорго (Токомбаев). Көрктүү болсун баары деп, Күмүштөн жабдык салынган («Курманбек»). 2. сог. Согуш куралдары, курал-жарак. Жабдыгын алып шайланып, Жалындаган эр Сыргак («Манас»).
1. безоружный;
2. без оборудования, без снаряжения.
1. Курал-жарагы жок, колунда куралы жок, курал-жарак менен камсыз кылынбаган. 2. Жасалгасыз, жасалгаланбаган, жабдылбаган, кооздолбогон.
1. безоружность;
2. отсутствие оборудования, снаряжения.
этиш. Куралдандыруу, курал-жабдыктар менен жабдуу, жасалгалоо (мис., атты).
1. вооружать;
2. снаряжать, снабжать оборудованием; оборудовать;
жабдыктап, жолго салды снарядив его, проводил в путь.
1. Курал-жарак, шаймандар менен камсыз кылуу, жабдуу. 2. Жасалгалоо (көбүнчө атты). Жабдыктап минсең жарышка, Алыс болжоп бачым кел (Үсөнбаев). Гүлдү бадам кызылды, Жабдыктап бир күн минди эми («Олжобай менен Кишимжан»).
страд. от жабдыкта-
1. быть вооружённым;
2. быть снаряжённым, оборудованным, снабжённым оборудованием.
жабдыкта этишинин туюк мамилеси.
жабдыкта этишинин өздүк мамилеси.
возвр. от жабдыкта-
1. вооружаться;
2. запасаться оборудованием.
жабдыктан-, жабдыктанбай, жабдыктанган
жабдыкта этишинин өздүк мамилеси.
понуд. от жабдыктан-
1. вооружать;
2. снабжать оборудованием.
и. д. от жабдыктандыр-
1. вооружение, снабжение оружием;
2. снабжение оборудованием.
жабдыкта этишинин кыймыл атоочу.
жабдыкта этишинин кыймыл атоочу.
вооружённый;
жабдыктуу жигит ист. вооружённый конник.
сын. 1. Куралдуу, колунда куралы бар. Жабдыктуу киши.
2. Жасалгалуу, колунда курал, шайманы бар. Жабдыктуу күлүк кула атын, Солтобай мырзам минесиң («Олжобай менен Кишимжан»).
1. Курал-жарактуу, колунда курал-жарагы, шаймандары бар. Бардыгы жабдыктуу, кылыч, мылтык асынышкан. 2. Жабдылган, жасалгаланган. Букен алдындагы күмүш жабдыктуу кара жоргону теминди (Осмоналиев).