ЖАБДЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ар каңдай эмгек куралдары, шаймандар, аспаптар. Сапар жабдыктарды жыйнап балдардан артта калды (Сасыкбаев). Бригадалар жабдыктарын көтөрүп, жумушка беталышты (Сасыкбаев). // Үй жабуулары, көбүнчө боз үйгө керектелүүчү жабык баш, кереге чалгыч, тегирич ж. б. сыяктуу жасалгалар. Үй жабдыктары мыкты чеберлердин колунан чыккандай келишкен. || Ат жабдуулары, ээр-токум, жүгөн, куюшкан ж. б. сыяктуу ат жасалгалары. Шарактап күмүш жабдык, минген жорго (Токомбаев). Көрктүү болсун баары деп, Күмүштөн жабдык салынган («Курманбек»). 2. сог. Согуш куралдары, курал-жарак. Жабдыгын алып шайланып, Жалындаган эр Сыргак («Манас»).