сын.1. Куралдуу, колунда куралы бар. Жабдыктуу киши. 2. Жасалгалуу, колунда курал, шайманы бар. Жабдыктуу күлүк кула атын, Солтобай мырзам минесиң («Олжобай менен Кишимжан»).
1. Курал-жарактуу, колунда курал-жарагы, шаймандары бар. Бардыгы жабдыктуу, кылыч, мылтык асынышкан. 2. Жабдылган, жасалгаланган. Букен алдындагы күмүш жабдыктуу кара жоргону теминди (Осмоналиев).