жабдык
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. Ар кандай жарак, курал, шаймандар. Жабдык алып бирдик менен, Эмгекчинин камы үчүн, Пролетариат өлкөбүздү Тап душмандан сактаган (Осмонкул). Бригадалар жабдыктарын көтөрүп жумушка бет алышты (Сыдыкбеков).
¨ Ат жабдыктары — ат жасалгалары (ээр-токум жүгөн, куюшкан ж.б.). Шарактап күмүш жабдык Минген жорго (Аалы). Жабдыктын көркү жоргодо (Токтогул).
¨ Ат жабдыктары — ат жасалгалары (ээр-токум жүгөн, куюшкан ж.б.). Шарактап күмүш жабдык Минген жорго (Аалы). Жабдыктын көркү жоргодо (Токтогул).