Киргизско-русский словарь Юдахина
1. произносить молитвенное обращение;
2. этн. наговаривать (напр. воду для лечения), произносить заклинание;
кайыптан алган жай ташты, дубалап сууга малды эле фольк. заговорив таинственный камень жай (см. таш I), он окунул его в воду;
кара дубалап нагнав заклятием порчу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дуба окуу жолу менен сыйкырдоо, дуба окуу менен кубултуп жиберүү, көз боочулук сыяктуу таасир берүүгө аракеттенүү. Агынайдын бүбүлүк жайы бар, молдо дубалап берген суу мончокторду кыз-келиндерге тагып жүргөндөрдүн бири (Сасыкбаев). Элдияр кара ташты дубалап кара суунун түбүнө салды («Эр Табылды»). Ыраңдуу түздү жайлаган, Көз боочулап дубалап, Адамдын көзүн байлаган («Сейтек»).