Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дуба окуу жолу менен сыйкырдоо, дуба окуу менен кубултуп жиберүү, көз боочулук сыяктуу таасир берүүгө аракеттенүү. Агынайдын бүбүлүк жайы бар, молдо дубалап берген суу мончокторду кыз-келиндерге тагып жүргөндөрдүн бири (Сасыкбаев). Элдияр кара ташты дубалап кара суунун түбүнө салды («Эр Табылды»). Ыраңдуу түздү жайлаган, Көз боочулап дубалап, Адамдын көзүн байлаган («Сейтек»).