Киргизско-русский словарь Юдахина
1. вещь, предмет;
кең түрдө керек кылынуучу буюмдар предметы широкого потребления;
буюм-тайым всякие вещи, пожитки;
2. перен. что-либо стоящее, заслуживающее внимания;
ал үчүн буюм болгон жок (это) для него было пустяком, (на это) он не обратил никакого внимания.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Күндөлүк үй тиричиликте колдонулуучу ар кандай нерсе, мүлк, дүнүйө. Майда-чүйдө буюмдарымдын бардыгын Лайлыкандан берип жибердим (Жантөшев). Кычан.. тогоо, илгич өңдүү майда буюмдарды жасап коёт (Бейшеналиев).
2. өт. Эчтеме эмес, эч нерсеге турбайт; оңой, опоной. Ушу да буюмбу! Муну арыдан бери бүтүрө салбайбызбы («Ала-Тоо»). [Күлжан].. жаан жааганын буюм көрбөй баратат (Байтемиров).
Буюм-тайым же буюм-терим — ар түрлүү керектүү нерселер, буюмдар. Буюм-тайым бар беле? — деди карыган аял (Убукеев). Буюм-теримиңерди алып, ушу жерге так саат жетиде даяр болгула (Таштемиров).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУЮМ – жарандык укуктун объектиси, табигый жаратылыштагы же адамдын эмгегинен жаралган тышкы (материалдык) дүйнөдөгү нерсе, мүлктүк укук мамилелеринин негизги объектиси. Б. артүркүн негизде: кыймылсыз (түбөлүк) жана кыймылдуу Б., негизги Б. же дүнүйө, бөлүнгүс Б., аралаш Б., жеке-таандык Б. жана тууган-уруктук белгилер менен аныкталуучу Б. ж. б. у. с. болуп бөлүнөт.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Устасы жакшы келишсе, Сынган буюм оңдолот» (Осмонкул). Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жасалуучу, турмуш-тиричиликте колдонмо-жасалга катары пайдаланылуучу нерселер, мүлктөр, эмеректер. Уста-усталардын жекече чыгармасы, чеберчиликте узанып - узданып жараткан нускалары жана үлгүлөрү. Көркөм буюм жаратуу — ал өнөр. «Буюм-тайым», «буюм-терим» деп айтыла берет да, ал (утилитардуу колдонмолук-жасалгалык жана уникалдуу (өтө көркөм, чында көрүнө турган) мааниге ээ болот. Демек, буюмдун жупунусу колдонмо, коозу жасалга катары жашап жагат. Ушундан улам колдонмо-жасалга өнөрү келип чыккан. Азыр бирикмелерде жана турмуш-тиричилик комбинаттарда эки максатты тең көздөп, утилитардык мааниге ээ болгон буюм - сувенирлер чыгарылууда.
      Бир эле буюмду көркөмдөп да, жупунулап да кармоого болот. Андай бөтөнчөлүктөр устанын жана уздун өнөр дараметине байланышат. Ал эми азыркы курулуп, архитектуралык өзгөчөлүктөрү бар бөлмөнүн ичинен белекке берилген буюм-тайымдар өзүнө-өзү орун табат да, ошол эле тапта ал кооздукту да ыроолоп турат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тиричиликке колдонулуучу ар кандай нерсе, мүлк, эмерек. Устасы жакшы келишсе, Сынган буюм оңдолот (Осмонкул). Касиет өгөө буюмду Атакем берди, мен алдым («Эр Төштүк»).2. Кандайдыр бир нерсенин анчалык мааниси жок экендигин же иштелүүчү иштин өтө оңой, жеңил экендигин билдирүүдө колдонулат. Бирөө эмес, миңи айтса да, ал үчүн буюм эместей (Байтемиров).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУЮМ ДАЛИЛ (АЙГАК БУЮМ) – эгер кылмыш куралы катары кызмат өтөгөндүгүнө негиз бар болсо же ал өзүнө кылмыш изин калтырса же кылмыш аракетинин объектиси болсо, ошондой эле кылмышты ачуу, иш жагдайын аныктоо, күнөлүүнү табуу же күнөлөөнү жокко чыгаруу же жоопкерчилигин жумшартуу каражаты катары кызмат кылган акча, буюм, документ сыяктуу баалуулуктар кылмыш-жаза процессинде айгак буюм катары таанылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУЮМДАРДЫ ЭЭСИЗДЕНДИРИП САКТОО – бир буюм берүүчүнүн буюмун башка буюм берүүчүлөрдүн бирдей сапаттагы ошондой эле буюмдары менен аралаштырып сактоо. Буюм берүүчүгө ал берген же тараптар өзара шартташкан сандагы дал ошондой буюмдар кайтарылып берилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУЮМ ЖАЙГАШКАН ЖЕРДИН МЫЙЗАМЫ (lex rei sitae ) – эларалык жеке укуктун тажрыйбасында калыптанып калган эң алгачкы байламтанын (бекитүү тартибинин) бири. Жарандык мамилелердин объектиси болуп эсептелинген буюм, ал жайгашкан аймактагы мамлекеттин укугу колдонула тургандыгын билдирет. Б. ж. ж. м. бийлик кылып турган улуттук укук тарабынан бекитилбеген учурда да колдонулат (эларалык салт боюнча).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУЮМЗАТ МЕНЕН ДОКУМЕНТТЕРДИ ИЛИКТӨӨ – ыкчам издөө иш-чараларынын бир түрү. Ал кылмыш изи сакталып калган, кылмыш куралы болгон буюмзаттар менен документтерди кылмыш ишине катышы бар адамдарды аныктоо максатында иликтөө үчүн колдонулат. Ал кылмыш-жаза иши козголгонго чейин (ыкчам издөө иштерин жүргүзүүчү органдын тапшырмасы боюнча) ИИМ, УКК ж. б. мекеме органдарынын атайын ыкчам-техникалык жана кылмыш изин иликтөө бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт. Ыкчам-техникалык иликтөө натыйжалары боюнча адистер тарабынан чыгарылган жыйынтык сот процесстик маанисине ээ болбойт жана кылмыш ишине тиркелбейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУЮМ УКУГУ – 1) багыты буюм болгон субъективдүү жарандык укук. Б. у-на ээ жак аны башка (милдеттүү) жактардын жардамысыз эле өзалдынча ишке ашырат. Буюмдун ээси ага мыйзамда белгиленген чектерде, өзү каалагандай ээлик кылат, аны каалагандай тескейт жана пайдаланат; 2) жарандык укуктун негизги бөлүктөрүнүн бири; субъективдүү менчик укугун ж. б субъективдүү Б. у-н жөнгө салуучу ченемдердин жыйындысы.