Буюм
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)БУЮМ – жарандык укуктун объектиси, табигый жаратылыштагы же адамдын эмгегинен жаралган тышкы (материалдык) дүйнөдөгү нерсе, мүлктүк укук мамилелеринин негизги объектиси. Б. артүркүн негизде: кыймылсыз (түбөлүк) жана кыймылдуу Б., негизги Б. же дүнүйө, бөлүнгүс Б., аралаш Б., жеке-таандык Б. жана тууган-уруктук белгилер менен аныкталуучу Б. ж. б. у. с. болуп бөлүнөт.