БУЮМ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тиричиликке колдонулуучу ар кандай нерсе, мүлк, эмерек. Устасы жакшы келишсе, Сынган буюм оңдолот (Осмонкул). Касиет өгөө буюмду Атакем берди, мен алдым («Эр Төштүк»).2. Кандайдыр бир нерсенин анчалык мааниси жок экендигин же иштелүүчү иштин өтө оңой, жеңил экендигин билдирүүдө колдонулат. Бирөө эмес, миңи айтса да, ал үчүн буюм эместей (Байтемиров).