буюм
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Күндөлүк үй тиричиликте колдонулуучу ар кандай нерсе, мүлк, дүнүйө. Майда-чүйдө буюмдарымдын бардыгын Лайлыкандан берип жибердим (Жантөшев). Кычан.. тогоо, илгич өңдүү майда буюмдарды жасап коёт (Бейшеналиев).
2. өт. Эчтеме эмес, эч нерсеге турбайт; оңой, опоной. Ушу да буюмбу! Муну арыдан бери бүтүрө салбайбызбы («Ала-Тоо»). [Күлжан].. жаан жааганын буюм көрбөй баратат (Байтемиров).
♦Буюм-тайым же буюм-терим — ар түрлүү керектүү нерселер, буюмдар. Буюм-тайым бар беле? — деди карыган аял (Убукеев). Буюм-теримиңерди алып, ушу жерге так саат жетиде даяр болгула (Таштемиров).