акча I 1. деньги; кагаз акча бумажные деньги; күмүш акча серебряные деньги; 2. уст. финансы; акча бөлүмү финансовый отдел; акча инспектору фининспектор; ишкөл акчасы ист. сборы с населения на содержание школ (восемьдесят копеек с юрты в год); земиский акча то же, чтоземиский. акча- II 1. беловатый; беленький; оймоктой оозум, акча жүзүм фольк. мой маленький (букв. с напёрсток) ротик, моё беленькое личико; акча бети жарк этип, алтындан кылган чоң сөйкө акыректе шарк этип фольк. её белое лицо блеснуло, её большие золотые сөйкө (см.сөйкө I) на ключице звякнули; 2. бледный (истощённый); саргарып акча жүрөбү? он исхудал и побледнел? акчаамай не очень худой, с небольшим количеством жира; акчаамай эти бар бээ кобыла ниже средней упитанности; акчаамай булчуңдар напруженные мускулы (без признакое жира).
Iзат. Сатып алууда жана сатууда нарктын өлчөмү катары жүрүүчү металл же кагаз белги. Кагаз акча. Күмүш акча. Жүз сом акчаң болгуча, жүз жолдошуң болсун (макал).
АКЧАIIсын. Агыш, акчыл (өң). Акча бети нурданат, Ай асмандан тийгендей (Жантөшев).
Деньги (Money) —Законное средство платежа, признанное на территории государства. Используется в качестве средства обращения, накопления и единицы учета.
Money (proper noun)
An application that allows the user to track financial market conditions, including personal portfolio tracking, finance articles, tools and calculator for common financial tasks.
АКЧА – мыйзамдуу төлөм каражаты, жарандык укук объектилеринин бири. А-нын негизги өзгөчөлүгү алар бүтүндөй жалпы эквивалент катары өзү менен кайтарымдуу мүнөзгө эгедер дээрлик баардык мүлктүк мамилелерди алмаштыра алат. Жарандык укукта А. баалуу кагаздар сыяктуу эле тектеш, алмаштырылуучу буюм түрлөрү катары таанылат.
Бул сөз ак деген сын атоочтон жана өӊ-түстүн жетишсиздигин билдирген –ча деген мүчөдөн турат: ак+ча. «Агыш» деген маанини туюндурган бул сөз адегенде күмүш тыйындарга карата колдонулуп, кийин мааниси кеӊейген (ЭСТЯ 1974:120). Түрк тилдерине орток бул сөз кыргыз тилинде өӊ-түс маанисинде азыр да колдонулат: Акча бети жарк этип, алтындан кылган чоӊ сөйкө, акыректе шарк этип (фольклор) (Юдахин 1965:40). К.Сейдакматовдун пикири боюнча, бул сөздүн курамында эски кытай тилиндеги «акча» маанисиндеги чао деген сөз бар болушу мүмкүн: ак+чао > акча. Бул сөзгө ак деген төл сөздү кошуу менен күмүш акчаны айтышкан (Сейдакматов 1988:19). Бирок бул чындыкка анча коошо бербейт, анткени биринчиден, күмүштүн өӊү таза ак эмес, экинчиден, тилибизде акчадан башка да көкчө, кызылча деген сыяктуу ушул калып менен жасалган сын атоочтор бар экендиги белгилүү.
Азыр акча деген сөз менен чака деген сөз бири-бирине эч байланышы жоктой көрүнөт. Талдай келгенде мындай болуп чыгат. Акча сөзүнүн маанисин кээде чака сөзү да берерин «жол кирелик теңге-чакаң жетиштүүбү», «жалаң сары чакадан 5 сомдук тыйын бар экен» деген сыяктуу мисалдардан көрүүго болот.
Чака сөзү «акча, тыйын» дегенден башка да «суу ала турган металл идишти» да билдирет. Аны казак, өзбектер бакыр дешет. «Бакыр» өзүнчө «жез», «мис» деген маани да берет; Алтайлыктар андай идишти көнөк дейт, кыргыз тилинде болсо көнөк деп териден ышталып жасалган бээ сааш үчүн колдонулуучу формасы, көлөмү боюнча чака сыяктанган идишти айтат. Кыргыз тилинин айрым говорлорунда чаканын ордуна челек сөзү колдонулат. Адабий тилде болсо челек «жыгачтан жасалган чака сыяктанган идиш» дегенди билдирет.
Жогоркулардын бардыгы чака сыяктуу идишти байыркы кезден азыркы күнгө чейинки ар кандай нерседен жасалганын да даана көрсөтөт. Көнөк дегени териден, челек дегени жыгачтын чел кабыгынан, бакыр дегени жезден жасалган кездегилерин өздөрү эле айтып турат.
Акча менен чака деген сөз тектеш. Чака дегени алгачкы акча деген сөздүн тыбыштары орун тартиби алмаштырып жайгашуусунан келип чыккан: акча--> чака. Ал эми акча деген сөздү көпчүлүк окумуштуулар ак+ча деген бөлүктөрдөн турган сөз деп карайт (Будагов, Дмитриев, Егоров, Севортян). Бул пикир боюнча акча сөзү азыркы «агыш» маанисиндеги сөз болуп чыгат. Биздин оюбузча, акча сөзү ак+чао деген эки сөздөн турат. Байыркы түрк тилинде чао табгачтардан кабыл алынган сөз болгон (ДТС, 139). Ал «акча» маанисин берген. Анын астына ак деген түрктүн сөзүн кошуудан күмүштөн жасалган акчаны билдирген сөз пайда болгон. Кийин акча сөзүнүн мааниси дагы кеңип, кагаздан жасалган ачка бирдигин да туюнтууга жетишкен.
АКЧА АККРЕДИТИВИ – аккредитивде көрсөтүлгөн шарттар сакталса, белгилүү мөөнөттө алуучуга акчаны төлөп берүү тууралуу тапшырмасы камтылган эмитент-банктын ошол өлкөдөгү же чет өлкөдөгү өзүнүн бөлүмүнө, же банкына жөнөткөн кишинин аты жазылган документ.
АКЧА АЛУУ ДҮМҮРЧӨГҮ – уюмдар тарабынан акча төлөөчүлөргө бериле турган жана кызмат акы, салык жана жүгүртүү, карызды кайтаруу ж. б. төлөмдөрүн төккөндүгүн ырастоочу белгиленген тариздеги документ.
АКЧАБАК — эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү, Миңбайдын кызы. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап жар тандоо салтында аты жыйырма тогузунчу келген Ырчыуул тагдырына буюрган А-ка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 426).
АКЧА БЕЛГИЛЕРИ – нарк белгиси; жүгүртүүгө белгилүү бир сандагы баалуу металлды жайгаштырат. Баалуу металлдан куюлган тыйындар (КРде жок) же кагаз акча менен банк билеттери да А. б. катары эсептелет.
АКЧА БИРДИГИ – улуттук акча тутумунун катышы, өлкөнүн аймагында бирдей наркта милдеттүү түрдө кабыл алына турган мыйзамдуу төлөм каражаты. КР ырасмий А. б. – сом. КР аймагында башка А. б -н киргизүүгө жана акча суррогаттарын чыгарууга тыюу салынган. КР аймагында башка А. б. (чет өлкө валютасы) менен эсеп-кысап жүргүзүү шарты менен тартиби мыйзамдар тарабынан аныкталат.
АКЧА ЖҮГҮРТҮМҮ – товарлардын, товардык эмес төлөмдөр менен эсептердин айлануусун тейлеген, ошондой эле товардык эмес төлөмдөр менен эсептешүүлөр. А. ж-нүн 2 түрү бар: а) накталай акчанын т. а. банкнот менен тыйындын жүгүрүүсү; б) накталай акча белгиси төлөм каражаты болбостон, бир субъектинин банк эсебине башка субъектинин бул же тиги банк мекемесиндеги эсебинен белгилүү бир өлчөмдөгү каражатты которо турган накталай эмес акча жүгүртүүсү (кара: Накталай эмес
эсептешүүлөр ).
Скорость обращения денег (Velocity of money) —Количество циклов, полных оборотов, осуществляемых в течение года денежной единицей, используемой в качестве средства обращения и платежей. Рассчитывается как отношение номинального объема ВВП к объему денежной массы. Используется как показатель интенсивности движения денежных знаков при функционировании их в качестве средства платежа.
АКЧА КАРАЖАТЫ – чарбачылык субъекттердин чарбачыл жүгүртүмүндө такай жүргөн банк эсептеринде акчалай таризде топтоштурулган кирешелери жана түшкөн каражаттары.
АКЧА КОТОРМОСУ – которумда көрсөтүлгөн жакка белгилүү бир сумманы төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү же телеграф аркылуу берилген тескеме-буйрук. А. к. менен кредит жана почта – телеграф мекемелери иштейт. А. к. алуучунун аты-жөнү, дареги көрсөтүлүү менен, которула турган сумманы тийиштүү мекемелерге которуу жолу аркылуу жүргүзүлөт.
АКЧА КОТОРУМУ – которумда көрсөтүлгөн жакка белгилүү өлчөмдөгү акчаны төлөп берүү жөнүндөгү телетайп, телеграф, телефакс байланышы аркылуу же мындай тескеменин аныктыгын камсыз кылуучу башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн жазуу жүзүндөгү тескеме. Кредит жана почта-телеграф мекемелери А. к-н өздөштүрөт. А. к. алуучунун аты-жөнү, дареги көрсөтүлүү менен, тийиштүү мекемеге белгиленген өлчөмдөгү акчаны чегерүү жолу аркылуу ишке ашырылат.
Система денежных переводов (Remittances system) —Тип платежной системы по принятию участником платежной системы денежных средств от населения с тем условием, что эти денежные средства будут выплачены адресату.
Оператор системы денежных переводов (Operator of remittance system) —Юридическое лицо, резидент или нерезидент Кыргызской Республики, имеющее соответствующие разрешительные документы уполномоченного органа по финансовому надзору страны происхождения (лицензия, регистрационный сертификат и т.п.), прошедшее регистрацию в Национальном банке Кыргызской Республики и обеспечивающее функционирование системы денежных переводов.
Денежно-кредитная политика (ДКП) (Monetary policy) —Политика центрального банка, направленная на достижение своей основной цели посредством регулирования предложения денег, кредитных потоков, поступающих из банковской системы в экономику и ставки процента денежного рынка.
Передаточный механизм Денежно-кредитной политики (Transmission mechanism of monetary policy) —Процесс воздействия решений в области денежно-кредитной политики на экономику в целом посредством основных каналов: процентного, валютного, кредитного и монетарного (регулирование денежных агрегатов).
Инструменты денежно-кредитной политики (Monetary and credit policy instruments) —Совокупность методов, способов и средств, используемых центральным банком для осуществления денежно-кредитной политики. Например, операции на открытом рынке, учетная ставка, обязательные резервные требования и др.
Целевой показатель ДКП (Monetary policy target) —Макроэкономический индикатор, устанавливаемый органом денежно-кредитного регулирования, по значению которого определяется степень достижения цели денежно-кредитной политики.
Трансмиссионный механизм денежно-кредитной политики (Transmission mechanisms of monetary policy) —Совокупность путей (каналов), по которым денежно-кредитная политика (ДКП) оказывает влияние на экономику.
АКЧА-КРЕДИТТИК ЖӨНГӨ САЛУУ – мамлекеттин экономикалык жүрүмдөрүнө таасир эте турган негизги каражаттарынын бири. КР экономикасынын А-к. ж. с. КРУБ тарабынан иштелип чыгып, КР Өкмөтү менен бирдикте ишке ашырылат. КРУБдун жөнгө салуу тартиби: милдеттүү кор ченеми менен кредит боюнча эсептик өлчөмүн аныктайт, коммерциялык банктар үчүн экономикалык чен-өлчөмдөрдү белгилейт, баалуу кагаздарды чыгарат жана аны менен баардык аткарымдарды жасайт.
АКЧА-КРЕДИТТИК САЯСАТ – экономикалык өсүштү жөнгө салууга, акча кунунун түшүп кетүүсүн токтотууга, төлөм каражатынын иштөөсү менен теңелүүсүн камсыз кылууга багытталган акча жүгүртүмү менен кредит чөйрөсүндөгү ишчаралардын жыйындысы; мамлекеттин өндүрүш жүрүмүнө кийлигишүүсүнүн өтө зарыл усулунун бири катары кызмат кылат. КРУБ сомду коргоого жана анын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик А-к. с-ын жүргүзөт.
АКЧАЛАЙ АКТИВДЕР – акча каражаттары жана тараптардын ушул уюмга белгилүү бир сумманы төлөп берүү милдеттенмеси; кийинкилер баланста акчалай эмес активдерден айырмаланып, түшүүсү күтүлүп жаткандын көлөмү боюнча көрсөтүлөт; акчалай жана акчалай эмес активдерди так айырмалоо инфляциянын таасирин эсепке алууда маанилүү.
Акчасы бар, акчасы көп. Акчалуу болгонуңда эсептеше бересиң («Ала-Тоо»). Акчалууга – базар, акчасызга – мазар (макал). Акча кагаздан жаралбайт, эмгектен жаралат. Акчалуу киши бардыгын ала алат (Шүкүрбеков).
АКЧА МАССАСЫ – 1) жүгүртүүдө турган акча белгиси; 2) жеке жана юридикалык жактардын эсеби менен аманаттарында турган акча каражаты; 3) банктардын ж. б. аткарыла турган шартсыз акча милдеттенмелери.
Денежный мультипликатор (Monetary multiplier) —Числовой коэффициент, показывающий во сколько раз возрастет либо сократится денежное предложение в результате увеличения либо сокращения вкладов в кредитно-денежную систему на одну денежную единицу. Денежный мультипликатор рассчитывается как отношение денежной массы к денежной базе.
АКЧАНЫ КАМСЫЗДОО – өтүмдүү (жеңил сатылуучу) баалуулуктар (баалуу металлдар, четөлкө валюталары ж. б.); банкнот чыгарган жана ага карата ишенимди камсыз кылуучу банк ээлигинде турат.
АКЧАҢГЫЛ-ТАШ — топоним. Чубак он үч жашында Манас менен жолуккан Алтайдагы бел. Белде алар «кыл болот мизин жалашып» антташкандыгы айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 197).
АКЧА РЕФОРМАСЫ – акча жүгүртүүсүн тартипке салуу жана бекемдөө максатында мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн акча тутумун толук же жарым-жартылай кайра түзүү. А. р. аргандай таризде жүргүзүлөт: валюта деноминациясы; эски акча бирдигин жаңы менен алмаштыруу же жарыша алпаруу; айрым акча белгисин жаңы үлгү менен алмаштыруу, аны менен бирге эле улуттук валютаны девальвациялоо же ревальвациялоо ж. б.
Денежный рынок (Money Market) —Рынок, на котором имеет место предоставление и получение средств в форме кредитов и ценных бумаг на короткий срок в пределах круга участников.
Денежная система (Monetary system) —Совокупность денежных знаков страны, денежных единиц, правил эмиссии и формы обращения денег, денежных отношений, законодательно установленных в стране.
АКЧА СУРРОГАТТАРЫ – мыйзамдарда каралбаган жана айрым жактар тарабынан өз бетинче киргизилген акча белгилери. Ырасмий акча белгилеринин жетишсиздигинен (негизинен) улам пайда болот.
АКЧА ТАЛАБЫН КЫЮУГА БАЙЛАНЫШКАН КАРЖЫЛОО КЕЛИШИМИ – бир тарап (каржылоо агенти) экинчи тарапка (кардарга) кардардын акча талабынын эсебине анын көрсөткөн товарларынан, аткарган иштеринен же үчүнчү тарапка көрсөткөн кызматтарынан келип чыккан акча каражаттарын үчүнчү тарапка (кредит берүүчүгө) берүүгө, ал эми кардар каржы агентине ал акча талабын кыюуга милдеттенген келишим. Кардар тарабынан карыздарга акча талабы ошондой эле кардардын каржы агентинин алдындагы милдеттенмесин камсыз кылуу максаттарында кыйылышы мүмкүн. А. т. к. б. к. к. акыркысынын милдеттенмеси кардар үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнү, ошондой эле ага акча талабын кыюуга байланышкан кыюу предмети болуп эсептелген башка каржылоо кызматтарын көрсөтүүнү ичине камтыйт. Каржылоо агенти катары А. т. к. б. к. к. банктар, ушундай иштерге улуксаты (лицензиясы) бар башка кредиттик уюмдар, ошондой эле коммерциялык уюмдар түзө алышат. Каржылоо болуп жаткан кыюу предмети катары төлөө мөөнөтү жеткен акча талабын (аракеттеги талап) кыюудай эле, жаңыдан пайда болгон акча каражаттарына укук (болочок талап) да жатат. Кыюу предмети болгон акча талабы кардардын каржы агенти менен түзгөн келишиминде аныкталуусу тийиш. Ошондой келишим түзүлгөн учурда аракеттеги талаптарды, а келечектеги талаптарды анын пайда болушунан кечикпестен окшоштуруп салыштырууга мүмкүнчүлүк болот. Келишимдин бул түрү эларалык иш-тажырыйбада «факторинг» деген ат менен кеңири колдонулат.
Агрегат денежный (Monetary aggregate) —Определение денежной массы, классифицированной по степени ликвидности: М0; М1; М2; М2Х. В каждой стране существуют собственные критерии определения денежных агрегатов.
АКЧА ТУТУМУ – өлкөдөгү акча жүгүртүмүн уюштуруу таризи. Ага төмөнкүлөр кирет: ырасмий акча бирдиги; накталай акчанын эмиссия тартиби; акча жүгүртүмүн уюштуруу жана жөнгө салуу.