Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА-КРЕДИТТИК ЖӨНГӨ САЛУУ – мамлекеттин экономикалык жүрүмдөрүнө таасир эте турган негизги каражаттарынын бири. КР экономикасынын А-к. ж. с. КРУБ тарабынан иштелип чыгып, КР Өкмөтү менен бирдикте ишке ашырылат. КРУБдун жөнгө салуу тартиби: милдеттүү кор ченеми менен кредит боюнча эсептик өлчөмүн аныктайт, коммерциялык банктар үчүн экономикалык чен-өлчөмдөрдү белгилейт, баалуу кагаздарды чыгарат жана аны менен баардык аткарымдарды жасайт.