Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Бул сөз ак деген сын атоочтон жана өӊ-түстүн жетишсиздигин билдирген –ча деген мүчөдөн турат: ак+ча. «Агыш» деген маанини туюндурган бул сөз адегенде күмүш тыйындарга карата колдонулуп, кийин мааниси кеӊейген (ЭСТЯ 1974:120). Түрк тилдерине орток бул сөз кыргыз тилинде өӊ-түс маанисинде азыр да колдонулат: Акча бети жарк этип, алтындан кылган чоӊ сөйкө, акыректе шарк этип (фольклор) (Юдахин 1965:40). К.Сейдакматовдун пикири боюнча, бул сөздүн курамында эски кытай тилиндеги «акча» маанисиндеги чао деген сөз бар болушу мүмкүн: ак+чао > акча. Бул сөзгө ак деген төл сөздү кошуу менен күмүш акчаны айтышкан (Сейдакматов 1988:19). Бирок бул чындыкка анча коошо бербейт, анткени биринчиден, күмүштүн өӊү таза ак эмес, экинчиден, тилибизде акчадан башка да көкчө, кызылча деген сыяктуу ушул калып менен жасалган сын атоочтор бар экендиги белгилүү.