Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыр акча деген сөз менен чака деген сөз бири-бирине эч байланышы жоктой көрүнөт. Талдай келгенде мындай болуп чыгат. Акча сөзүнүн маанисин кээде чака сөзү да берерин «жол кирелик теңге-чакаң жетиштүүбү», «жалаң сары чакадан 5 сомдук тыйын бар экен» деген сыяктуу мисалдардан көрүүго болот. Чака сөзү «акча, тыйын» дегенден башка да «суу ала турган металл идишти» да билдирет. Аны казак, өзбектер бакыр дешет. «Бакыр» өзүнчө «жез», «мис» деген маани да берет; Алтайлыктар андай идишти көнөк дейт, кыргыз тилинде болсо көнөк деп териден ышталып жасалган бээ сааш үчүн колдонулуучу формасы, көлөмү боюнча чака сыяктанган идишти айтат. Кыргыз тилинин айрым говорлорунда чаканын ордуна челек сөзү колдонулат. Адабий тилде болсо челек «жыгачтан жасалган чака сыяктанган идиш» дегенди билдирет. Жогоркулардын бардыгы чака сыяктуу идишти байыркы кезден азыркы күнгө чейинки ар кандай нерседен жасалганын да даана көрсөтөт. Көнөк дегени териден, челек дегени жыгачтын чел кабыгынан, бакыр дегени жезден жасалган кездегилерин өздөрү эле айтып турат. Акча менен чака деген сөз тектеш. Чака дегени алгачкы акча деген сөздүн тыбыштары орун тартиби алмаштырып жайгашуусунан келип чыккан: акча--> чака. Ал эми акча деген сөздү көпчүлүк окумуштуулар ак+ча деген бөлүктөрдөн турган сөз деп карайт (Будагов, Дмитриев, Егоров, Севортян). Бул пикир боюнча акча сөзү азыркы «агыш» маанисиндеги сөз болуп чыгат. Биздин оюбузча, акча сөзү ак+чао деген эки сөздөн турат. Байыркы түрк тилинде чао табгачтардан кабыл алынган сөз болгон (ДТС, 139). Ал «акча» маанисин берген. Анын астына ак деген түрктүн сөзүн кошуудан күмүштөн жасалган акчаны билдирген сөз пайда болгон. Кийин акча сөзүнүн мааниси дагы кеңип, кагаздан жасалган ачка бирдигин да туюнтууга жетишкен.