Киргизско-русский словарь Юдахина
чыны I
ир.
1. фарфоровый;
чыны чөөчөк фарфоровая чашка;
2. пиала (чайная чашка);
чоң чыны иссык-кульск. то же, что кесе I;
чыны кап футляр для чашки;
3. чатк. то же, что кесе I.
чыны II
чыны карагат чёрная смородина.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Ооз жагы жайыгыраак, түп жагы куушураак келген, анчалык чуңкур эмес, көбүнчө чай ичүү үчүн колдонулуучу идиш. Ал чыныдагы чайын ууртабастан олтуруп, Акимдин ишин мактап кетти (Сыдыкбеков).
Ырчыны к. ыр.
ЧЫНЫ II; чыны менен — чын эле, чындап, анык. Үйдөн чыны чыккамын Учурашып келүүгө (Токтогул). Чыны карагат — кадимки карагат, кара карагат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
настоящий; действительный; реальный;
чыныгы жибек настоящий шёлк;
чыныгы эмгек акы реальная заработная плата;
чыныгы себеп истинная причина;
анык чыныгы самый настоящий.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ооз жагы жайыгыраак, түп жагы куушураак келген, анчалык чуңкур эмес, көбүнчө чай ичүү үчүн колдонулуучу идиш. Ал чыныдагы чайын ууртабастан олтуруп Акимдин ишин мактап кетти (Сыдыкбеков). Чыныга куйган бал элең, Чырпыктай өскөн тал элең (Казыбек).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(пиала кап). а) Көн — идиштердин бир түрү. Чеберлер муну — өтө кооз, ар кандай үлгүдө кармашат. Анын бири челек сымал узунураак келип, түбү менен оозу бирдей кеңдикте болуп, мунун тегерек капкагын кийгизип коюуга аябай шартташкан. Бул идишке «чийме сынпос» тегерете караганда көрүнгөндөй шайма-шай түшүрүлөт. Ага берилген көркөм оюм-чийимдин сыйдалуулугу менен салттуулугу анын кармоого атайын аттанып түшкөн чеберлердин жекече чыгармачылык кудуретине тыгыз байланышат. «Чийме сынпос» майда да, кезек да көрүнүшү мүмкүн. Ал эми идиштин капкагынын үстүнкү
      бетине анын тегерек-четине түстүү металлдар чабылат. Муну шөкөттөөдө да илгери зергерлердин көп кырдуу, терең сырдуу чыгармачылыгы айгинеленген. Мында да чеберлерден «өнөр буйтап кете алган» эмес. Алар чеберчилик намыстарын бийик тутуп, буюм-кечелерди ала кол кармашкан. Ага зергерчиликте чөгөрүлгөн көркөм шөкөттөр жагдан бетиндеги чиймесынпосторго дал өзүндөй үндөшөт. Жыш көрүнбөй, чегелери майда, «чиймесынпос» менен өз ара айкалышуусу аркылуу «чыны кап» көзгө көрүнүктүү, көңүлгө толумдуу болот. Буюмдун капкагынын төбөсүнө тешик өткөрүлгөн кайыш тоголуу кулакчынга бошураак байланып, ал төбөсүнөн көтөрүп жүрүүгө эптелген.
      Жарым айлана формасында бир эле териге үч-төрт чыны капты туташтыра жасаган чеберлер чыккан. Мында чыны каптын сыртына беркилердей «чиймесынпос» түшүрүү анча наркка жатпайт. Тим эле шөкөттөр чабылган түрлөрү музейлерде сакталууда. Ал күмүш топчулардын араларына тегерете күмүш «таруулатып», асыл таштар менен «тогуз төбөлөөнөт». Мындагы зер топчулар тердиктеги шөкөттөргө окшошот. Алар куйма калыптар аркылуу жүзөгө ашат.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(пияла кап) в) — Кийиз буюму. Боз үйдүн эпчи тарабына илинген чыны сактай турган баштык. Анын кооз түрүнө шырдак оюмдары түшүрүлөт да, ал цилиндр жана жарым сферал түрүндө жасалат.
      Кийиз чыны каптын көркөм оюмунда бөтөнчөлүктөр буюмдун төгөрөгүнө түшкөн кооздуктар ошол тегерек формасындагы кудум чыны каптай көрүнөт. Анын тегерек капкагы, колдо чалынган боосу болот. Анда түшкөн кийиз оюмунун өнү ар кыл, кара-кызыл, ак-кара, кара-сары өңдүү ич ара өңдү чечүүгө шарттуу түстөр тандалат. Ошондо буюмдун түбү, капкактын чети шырдактай жээктелет. Мунун экинчи түрүндө чыны каптын бетине тегерек (табак) оюм түшүп, анын чети бычак учтанып, сары, көк, ак өңдөрдөн турган «араа тиш», «ит куйрук», «бармак боочу», «бадам» оюмдары чыны каптын астыңкы-үстүңкү жээктерине да берилет. Ошондо чыны каптын астыңкы-үстүңкү жээктерине да берилет. Ошондо чыны капкак үстү да көркөм оюмдалат.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
жыгач идиштеринин бир түрү. Көчмөңдүү турмушта буга чыны сакталган. Көчүп-конууда чынынын (пияланын) сынбасы үчүн бул — урунттуулуктуу идиш. Ал боз үйдүн эпчи тарабындагы керегеге илинген. Муну жасоонун жердигин чеберлер талдан, табылгыдан, карагайдан тандайт. Чыны куту көбүнчө жарым шар же цилиндр түрүндө болот да, тегерек бетине көркөм оюм-чийим түшөт. Жыгач кутуга да, көн кутудай темир көрчөгөлөр чабылып, ага күмүш жалатылат. Ал шөкөттөр атайын калыпта куюлат. Буюм бетине чабылган шөкөттөр булгаары бетиндеги кооздуктарды элестетет. Алар көчөт катары бири-бирине окшошпой түшөт. Мындай чыны кутуларды эми биз көбүнчө тарых, этнография, сүрөт музейлеринен көрүп жүрөбүз.
      Талдан оюп, табылгыдан торлоп кармаган чыны кутунун капкагынын эки кулакчасы атайын кайыш аркылуу бекилет. Буюмдун капкагы көбүнчө тактайдан жана көн булгаарыдан болгондуктан анын айланасына да көркөм оюм-чийим түшүрүлөт. Ал биз билип-туйган кооздук бак-дарактардын бутакчасы же кадимки шырдактардагы «мүйүз», «кыял» оюмдары кебетеленип кетет.
      Чыны куту — мыкты белек. Аны ойдогудай жасап, үйгө илип койсо, өз алдынча жарашык берип, элдин чыгармасы, нускасы катары каралат.