Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(пияла кап) в) — Кийиз буюму. Боз үйдүн эпчи тарабына илинген чыны сактай турган баштык. Анын кооз түрүнө шырдак оюмдары түшүрүлөт да, ал цилиндр жана жарым сферал түрүндө жасалат.
      Кийиз чыны каптын көркөм оюмунда бөтөнчөлүктөр буюмдун төгөрөгүнө түшкөн кооздуктар ошол тегерек формасындагы кудум чыны каптай көрүнөт. Анын тегерек капкагы, колдо чалынган боосу болот. Анда түшкөн кийиз оюмунун өнү ар кыл, кара-кызыл, ак-кара, кара-сары өңдүү ич ара өңдү чечүүгө шарттуу түстөр тандалат. Ошондо буюмдун түбү, капкактын чети шырдактай жээктелет. Мунун экинчи түрүндө чыны каптын бетине тегерек (табак) оюм түшүп, анын чети бычак учтанып, сары, көк, ак өңдөрдөн турган «араа тиш», «ит куйрук», «бармак боочу», «бадам» оюмдары чыны каптын астыңкы-үстүңкү жээктерине да берилет. Ошондо чыны каптын астыңкы-үстүңкү жээктерине да берилет. Ошондо чыны капкак үстү да көркөм оюмдалат.