Киргизско-русский словарь Юдахина
чалма I
сухой комок глины;
чалма менен урду он ударил комком глины;
ак чалма или боз чалма глинистая вода (в половодье).
чалма II
1. аркан (для ловли лошадей или (ист.) для захвата неприятеля);
чалма чал- или чалма ур- накинуть аркан, заарканить;
азоого чалма ургандай (о безвыходном положении) будто на строгую (лошадь) аркан накинули;
чалма уруучу мастер накидывать аркан;
чалма салдыр-
1) заставить накинуть аркан;
2) оказаться с накинутым на шею арканом;
башка чалма салдырып, байлоого түшүн калбайлы фольк. как бы нам не накинули аркан, да как бы нам не попасть в плен;
2. (в борьбе) удар подножкой;
кол чалма один из приёмов борьбы;
илме-чалма
1) выкрутасы;
2) махинации;
чалма этек см. этек.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Ылай, тоголоктошкон ылай.
Ак чалма — чополуу ылай же суу аралаш жуурулушкан чопо.
ЧАЛМА II зат. 1. Ыргытып илиндирип алуу жолу менен көбүнчө азоо малды кармоо үчүн колдонулуучу илмек аркан. Жумаш жүрөт тал укурук сүйрөтүп, Азоолорду чалма салып үйрөтүп (Осмонкул). Чалма уруучу шыктуусу, Айбалта чапчу ыктуусу («Манас»).
2. Күрөштө чалуу ыгы, ыкмасы. Чалмасы бар.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ыргытып илиндирип алуу жолу менен көбүнчө азоо малды кармоо үчүн колдонулуучу илмек аркан. Жумаш жүрөт тал укурук сүйрөтүп, Азоолорду чалма салып үйрөтүп (Осмонкул). Чалма уруучу шыктуусу, Айбалта чапчу ыктуусу («Манас»). 2. Күрөштө чалуу ыгы, ыкмасы. Чалмасы бар. 3. Душманды, каршылашты жыгуу, колго түшүрүү үчүн жасалган аркан. Чалма уруучу мыктуусу («Манас» С. К.).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Сүткө ж. б. суюктукка талкан ж. б. кошуп аралаштырып чалынган түрү. Кымызга талкандан чалмакей кылып ичти.
2. Чалуунун, чалып жыгуунун ыгы, ыкмасы, чалма. Чалмакейи бар киши.
3. өт. Баш аламан, иретсиз, аралаш.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сүткө ж. б. суюктукка талкан ж. б. кошуп аралаштырып чалынган даам түрү. Кымызга талкандан чалмакей кылып ичти. 2. Чалуунун, чалып жыгуунун ыгы, ыкмасы, чалма. Чалмакейи бар киши. 3. өт. Баш аламан, иретсиз, аралаш.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүнө тартуу, жакындатуу маанисинде көз кырын салып акмалоо, байкоо. Бой тарткан боз уландар астыртан чалма ыргытып, коңшу айылдын кыздарына көз кырларын салышат (Абакиров). Андан аз күн өтүп төмөнкү айылдагы бирөөнө чалма ыргытышса, Ыскактын жашын угуп айнып калыптыр (Исмаилов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзүнө тартуу, жакындатуу маанисинде көз кырын салып акмалоо, байкоо. Бой тарткан боз уландар астыртан чалма ыргытып, коңшу айылдын кыздарына көз кырларын салышат (Абакиров). Андан аз күн өтүп төмөнкү айылдагы бирөөнө чалма ыргытышса, Ыскактын жашын угуп айнып калыптыр (Исмаилов).