Киргизско-русский словарь Юдахина
середина внутренней части щеки;
уурттун жамажайы (или просто жамажай) внутренняя часть щеки между углом губ и собственно уурт;
сол жакы уурту менен күлүмсүрөп койду он улыбнулся левым углом губ;
уурттары жылмайып, эки бетинен, билинер-билинбес болуп, кипкичинекей эки чуңкурча көрүндү углы губ её сложились в улыбку, а на щеках её показались чуть заметные ямочки;
ууртунан май чубуртуп
1) размазывая жир по губам;
2) перен. чревоугодничая;
уурту салаңдаган щёки у него рыхлые и отвисшие (как напр. у бульдога);
ууртун салаңдатып распустив свои рыхлые щёки;
атынын уурту жарылып канап келатат губы его коня разодраны (удилами), течёт кровь;
уурттарды чулчуйт- надуть жирные щёки, надуться (о толстощёком);
уурттарын чулчуйтуп, кеп айталбай, башын ийкей берген надувшись, он не мог слова сказать, (только) кивал головой (в знак согласия, одобрения);
уурт тартмай или ууртка тартмай детская игра: надувают щеку и щёлкают по ней пальцем.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Эриндин кычыктарына тийишип турган бет бөлүгү. Өрмө камчынын учу оролуп келип Алымкулдун ууртуна тийди (Абдукаримов). [Чоң эненин] жумшак уурту булкуп-булкуп тартты (Сыдыкбеков).
Ууртунан жылмаюу — акырын билинер-билинбес күлүп коюу, күлүмсүрөө. Аскар акырын ууртунан жылмайды (Сыдыкбеков). Абдыкерим аке сакалын сылай, ууртунан жылмайып, чалкалай отурду (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эриндин кычыктары, кычыктын айланасындагы жумшак эттүү бөлүк. Өрмө камчынын учу оролуп келип Алымкулдун ууртуна тийди (Абдукаримов). Чоң эненин жумшак уурту булкуп-булкуп тартты (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Шимирип жибербестен, ууртун толтура бөлүп-бөлүп кичинеден ичүү. Арыктын жээгинде отуруп, сол колум менен суу ууртап, бир аз эс алдым (Абдукаримов). Алым нандан тиштеп, чайдан ууртады (Жантөшев).
Ууртап-татуу — кичинеден, аз-аздан ичүү. Ууртап-татып жүрүп Көкө да [тоюп алган] (Касымбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
хлебать, глотать;
уяты жоктун колуна кашык тийсе, беш ууртайт погов. если дурному попадёт в руки ложка, он пять раз хлебнёт (в старом быту чашка с жидкой пищей и ложка шли по кругу; каждый, хлебнув раз-два, передавал другому);
күндө келген күл ууртайт, айда келген май ууртайт погов. кто каждый день приходит, золу глотает, кто в месяц раз приходит, жир глотает;
кан уурта- убить (букв. хлебать кровь; от древнего обычая хлебнуть крови убитого врага);
кан ууртай элегиңде кайра бур! поворачивай обратно, пока тебя не убили!;
каныңды ууртабасам! не я буду, если не убью тебя!;
туз ууртагандай ичи ачышты его задело за живое (букв. у него нутро защипало, будто он соли проглотил).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Шимирип жибербестен, ууртун толтура бөлүп-бөлүп кичинеден ичүү. Арыктын жээгинде отуруп, сол колум менен суу ууртап, бир аз эс алдым (Абдукаримов). Алым нандан тиштеп, чайдан ууртады (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Акырын билинер-билинбес күлүп коюу, күлүмсүрөө. Аскар акырын ууртунан жылмайды (Сыдыкбеков). – Аны атаң, апаң менен акылдаш, – деп чоң ата ууртунан жылмайды (Жусупов). Шылдың сөзгө Жекшен ууртунан жылмая жалт карап коюп, чыгып кетти (Осмоналиев). Жапардын бул сөзүн кулагы чалган Асыл ууртунан жылмайып койду («Ала-Тоо»). В.: Ууртунан күлүү. – Кандай жаңылыкты сурайсың? – деп Арзыкул ууртунан күлүп койду (Жусупов). Асылбек да ууртунан күлдү (Абакиров).