Киргизско-русский словарь Юдахина
туз I
1. соль;
кочкор туз сев. или шамшыкал туз сев. или жалама туз каменная соль;
сузма туз поваренная соль в природном состоянии;
кайнатма туз поваренная соль;
туз кайнат- вываривать, выпаривать соль;
адамды билиш үчүн аны менен бирге үч пуд туз жеш керек погов. (перевод с русского) чтобы узнать человека, нужно с ним три пуда соли съесть;
ичиң күйсө, туз жала погов. если ты обозлился, полижи соль (это облегчает);
туз тат- отведать хлеба-соли; пользоваться угощением, гостеприимством;
туз татыш- совместно угощаться;
туз татыт- дать вкусить пищи, угостить;
тузун татыт- как следует проучить, нагнать страху;
олжолоп алам уздарын, татытамын туздарын фольк. в добычу возьму я его рукодельниц, я его проучу;
татытып чыкты-ай тузумду, талап кеткен кызымды фольк. он учинил мне большую пакость, силой увёз он мою дочь;
2. ласк. ягодка (обращение к девочке);
айланайын кызым-ай! ак жалама тузум-ай! стих. ой, милая доченька! ой ты, моя ягодка! (букв. белая каменная соль);
туз арамы или тузу арам неблагодарный, тот, кто за добро платит злом;
тузу арам ит көрүңөт он, видно, пёс неблагодарный;
турган жериң арамдап, туз арамы кул экен фольк. он, оказывается, неблагодарный, который оскверняет твою землю;
басыгы бузук, тузу арам развратный и неблагодарный;
тузуна арам санаган или тузуна кара санаган за добро замысливший недоброе; за добро отплативший злом;
тузума кара санады он мне отплатил чёрной неблагодарностью;
туз урсун! да покарает (меня, его и т.д.) соль! (заклинание, гл. обр. по адресу неблагодарного);
өзүм менен бир таткан тузум урсун башыңан фольк. пусть тебя накажет соль, которую ты вкушал вместе со мной;
кызматымдан тартынып, кырк жигит, сени туз урду фольк. вы, сорок джигитов, уклонились от службы мне, это - неблагодарность;
тузу оор или тузу ачуу за неблагодарность он будет наказан;
тузу оор Манастын тузу бизди урбайбы? фольк. за неблагодарность Манасу расплата тяжела, разве не будем наказаны мы за неблагодарность?!;
туз кошпой без ехидства, без подковырок;
сөзүңө туз кошпой, туурасын сүйлөчү говори-ка ты прямо, без ехидства;
тузума койдум! или тузума тапшырам! подавись ты моим хлебом-солью!; как тебе не стыдно так поступать со мной, твоим благодетелем!, так-то ты отплачиваешь за моё добро!; ух ты, неблагодарный!;
туз атта- уст. один из видов клятвы, чтобы доказать свою правоту (букв. прыгать через соль);
тузга сий- уст.
1) клясться в правоте своей, своей невинности (букв. мочиться на соль; эта клятва являлась самой сильной, самой страшной);
ак болсо, тузга сий если это правда, поклянись (букв. помочись на соль);
2) осквернить данную клятву;
баштагы кеткен Көк жалдын, тузуна кантип сиебиз?! фольк. как мы можем осквернить клятву, данную ранее ушедшему (т.е. умершему) Сивогривому (Манасу) ?!
тузу ачуу Манастын, тузуна кантип сиебиз?! фольк. неблагодарность Манасу тяжело карается, как же мы оскверним (данную ему) клятву?!;
тузуңа сийсем, оңомбу? фольк. разве мне будет хорошо, если я нарушу данную тебе клятву?
тузга сийдир- заставить поклясться в своей правоте, в своей невиновности (букв. заставить помочиться на соль);
туз көмгөндөй көм- похоронить без почестей, без соблюдения ритуала, как бродягу;
чәйиңә туз болоюн памирск. ласк. (обращение к ребёнку) миленький ты мой (букв. станy я солью в твоём чае; чай особого приготовления: с молоком, жиром и солью);
туз буюрса или туз айдаса или туз көтөрүлсө или туз болсо если суждено;
туз көтөрүлүп турат судьба так складывается;
тузум болсо, келермин если суждено, я приеду;
тузун акта- отплатить кому-л. добром (за заботу, за помощь, за воспитание и т.п.);
тузун кантип актабайм? как это я не отплачу ему добром?
Манастын тузун актармын фольк. я отплачу Манасу добром;
туздай куур- мучительски мучить, повергнуть в муку-мученскую;
кудайдын тузун уурдадымбы? а я - то у бога телёнка украл, что ли?, чем я хуже других? (букв. разве я у бога соль украл?);
кудайдын тузун уурдаган жок если он плох, то не хуже других;
шейиттин тузун тат- умереть славной (для мусульманина) смертью;
сенин татканың шейит тузубу, табарың нурдун кызыбы? фольк. (не значит ли это, что) ты примешь славную смерть и найдёшь гурию (т.е. будешь в раю);
туз көз
1) сероглазый;
2) лучший из ястребов-тетеревятников;
көзү туздай көк глаза у него серые-серые.
туз II
1. карт. туз;
2. перен. туз;
туздар тузы.
туз III
(при игре в тогуз коргол, см. коргол) положение, когда в одной из лунок противника оказываются два катышка.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Мүнөздүү ачуу даамы бар, тамакка татылуучу, кристалл түрүндөгү зат. Бир тоонун баары бүтүн туз, Кайберендер кемирген (Токтогул). Тузду өлчөп татытсаң, ашыңда даам болот (Сыдыкбеков).
Туз татуу — тамактануу, конок болуу, даам татуу. Кайрылып келип туз таттың Калың кыргыз тобуңдан (Калык). Тузун актоо — бирөөнүн кылган жакшылыгын актоо, акысын кайтаруу. Далай сөздү таратып, Талант тузун актадың (Тоголок Молдо). Тузуна кара саноо — жакшылык кылган адамга жамандык жасоо. Тузуңа кара санасам, Туулгандан эки болбоюн (Токтогул). Туз буйруу — даам татуу, тагдырына туура келүү. Туз урсун — жакшы мамиледе, дос болуп жүрүп жамандык иш кылган адамга карата айтылган каргыш. Жаңылып кетсем кокустан, Жаш башымды туз урсун (Токтогул). Жалган айтып мен келсем, Колуңдан берген туз урсун («Эр Табылды»).
ТУЗ II зат. Ойноочу картанын ичиндеги эң чоңу. Карганын тузу. Ачанын тузу.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
туз (татымал)
туз аттабоо (ант берип)
туз буюруу
тузга коюу (каргап)
тузга сийүү
туз-даам
туз кебер
туз-насип
туз тат-
туз татуу
тузу арам
тузу көтөрүлүү
тузуна кара саноо
тузун актоо
тузу оор
тузун татытуу
тузун уурдоо
туз урсун!
туз уруу

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. всякий силок (желе (см. желе I 3), кылтак (см. кылтак 2) и др.);
тузак тарт- ставить силки;
тузакка туш-
1) попасться в силок;
2) перен. попасться в сети;
тарткан тузактарына күнүгө бирден-экиден кекилик түшө турган в расставленные им силки обычно каждый день попадало по одной, по две каменных куропатки;
таман тузак петля для ловли лошади за ногу;
таман тузак тарт-
1) разложить петлю, чтобы поймать лошадь;
2) перен. готовить подвох, расставлять сети кому-л.;
же бир шумдук үчүн таман тузак тартып турабы? или он для какого-то подвоха расставил сети?
2. охот. сеть;
ак туйгунга жайды тузагын фольк. раскинул он сеть на белого кречета;
тузак үзгөн или тузак үзүп, капкан сындырган видавший виды, тёртый калач (букв. силок порвавший);
тузак үзгөн кемпир бывалая старуха;
тузак үзуп, капкан сындырууга калганда когда нет никакого способа выкрутиться, когда прижали к стенке (напр. человек соглашается, признаёт свою вину и т.п.).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Канаттууларды жана майда жаныбарларды кармоо үчүн кылдан же башка нерседен сыйыртмак кылып жасалган илмек, кылтак. [Каныбек] күнгөй тараптагы тузак тарткан жерине карай басты (Жантөшев). Мен бир мусапыр ырчы, Уларга тузак тарттым эле (Бөкөнбаев).
2. өт. Алдап бирөөнү колго түшүрүү максатындагы амал, айлалуу аракет. Ата энемдин сөзүн кыя албай жүрүп, ушул өңдүү тузакка чалындым (Абдукаримов).
Таман тузак — 1) жылкынын бутуна сала коюп кармоо үчүн жасалган сыйыртмак. Тартылбайбы айласыз Таман тузак арканга (Тоголок Молдо). 2) өт. бирөөгө кылган кастык, душмандык аракет, амал. Билсең, бул, бизге коюлган таман тузак [деди Айгүл]. Же бир шумдук үчүн таман тузак тартып жатабы? (Жантөшев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кылдан эшилип жасалган көзөнөгү сыдырылып келип илинген нерсесин кармап кала турган тузак сөзү туз+ ак бөлүктөрүнөн куралган. Анын туз уңгусу тут «карма» деген сөздүн аяккы т тыбышы з тыбышына өткөн варианты болуп эсөптелет. Ага этиштен зат атооч жасоочу -ак мүчөсү уланган. Келип чыккан тутак сөзү «кармоочу» дегенге жакын маани берген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Канаттууларды жана майда жаныбарларды кармоо үчүн кылдан же башка нерседен сыйыртмак кылып жасалган илмек, кылтак. Каныбек күнгөй тараптагы тузак тарткан жерине карай басты (Жантөшев). Мен бир мусапыр ырчы, Уларга тузак тарттым эле (Бөкөнбаев). 2. өт. Алдап бирөөнү колго түшүрүү максатындагы амал, айлалуу аракет. Ата-энемдин сөзүн кыя албай жүрүп, ушул өңдүү тузакка чалындым (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Далайды башынан өткөргөн, көк чоку, абдан митаам, зулум. Көрсө бул да тузак үзгөн эргулдардан окшойт («Чалкан»). Хан хандан кем калчубу, мунусу деле бир тузак үзгөн эме го (Даникеев). Тузак үзүп, капкан сындырган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсе анын энчисине, насибине туура келүү. Туз насип буйруп бул жерде, Туруп калсак байралып (Казыбек). Минтип туз буйруп, суусун ичип жеримде отурам («Ала-Тоо»). Кырк сегизинчи жылы ушул айылдан туз буюрду (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
эск. Күнөөсүз, ак экендигин, антты бузбагандыгын ушундай жол менен дадилдеп актанып, катуу каргыш кылуу, ант кылуу. Баштагы кеткен Көкжалдын, Тузуна кантип сиебиз («Манас»). Тузу ачуу Манастын, тузуна кантип сиебиз («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
сотрапезник; тот, кто водит с кем-л. хлеб-соль;
төрт жылдан бери туздаш болуп калдык мы уже вот четыре года водим хлеб-соль;
Саадат менен ал башынан туздаш-даамдаш болуп, анын таасиринде тарбияланган с Саадатом он с самого начала водил хлеб-соль, воспитывался под его влиянием;
кырк жигитим, туздашым! кыйноодо турат бир башым фольк. сорок джигитов моих, сорок моих сотрапезников! голова моя попала в беду.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мүнөздүү ачуу даамы бар, тамакка татылуучу, кристалл түрүндөгү зат. Бир тоонун баары бүтүн туз, Кайберендер кемирген (Токтогул). Тузду өлчөп татытсаң, ашыңда даам болот (Сыдыкбеков). 2. өт. Жанга тийген сөз, чымчып сүйлөгөн же какшык түрүндө айтылган сөздөрдүн куйкумдуу мааниси. Туз кошпой сүйлөө. Сөзүндө тузу бар. 3. Ар кандай заттардын химиялык бирикмеси. Кочкор тузу. Калий тузу. Топурак катмарынын тузу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аш тамагын ичип же бирге даам татышып, даамдаш болуп жүрсө да көрсөткөн жардамын, жакшылыгын актай албаган, жакшылыкка жамандык менен жооп кайтарган, арам ойлуу. Ушу тузу арам итти колуңуздан келсе каматып да коюңуз (Сыдыкбеков). О, сенин молдолугуңду... айткан шарыятыңды... тузу арам ит! – деди Тазабек ичинен (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакшылык кылган адамга жамандык жасоо, арамдык ойлоо, кара ниеттик кылуу. Тузуңа кара санасам, Туулгандан эки болбоюн (Токтогул). Өзү иштемчил болгон менен анын тузуна кара санап жүргөн ниети бузук адам экен (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жакшылык кылган аламга жамандык жасоо, арамдык ойлоо, кара ниеттик кылуу. Тузуңа кара санасам, Туулгандан эки болбоюн (Токтогул). Өзү иштемчил болгон менен анын тузуна кара санап жүргөн ниети бузук адам экен (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жакшы мамиледе, өтө жакын, ынак болуп жүргөн адамына кара санаган, жамандык кылган кишиге карата айтылуучу каргыш. Жаңылып кетсем кокустан, Жаш башымды туз урсун (Токтогул). Өзүм менен бир таткан, Тузум урсун башыңан! (фольк.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакшы мамиледе, өтө жакын, ынак болуп жүргөн адамына кара санаган, жамандык кылган кишиге карата айтылуучу каргыш. Жаңылып кетсем кокустан, Жаш башымды туз урсун (Токтогул). Жалган айтып мен келсем, Колуңдан берген туз урсун («Эр Табылды»). Өзүм менен бир таткан, Тузум урсун башыңан! (фольк.).