ТУЗ УРСУН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жакшы мамиледе, өтө жакын, ынак болуп жүргөн адамына кара санаган, жамандык кылган кишиге карата айтылуучу каргыш. Жаңылып кетсем кокустан, Жаш башымды туз урсун (Токтогул). Жалган айтып мен келсем, Колуңдан берген туз урсун («Эр Табылды»). Өзүм менен бир таткан, Тузум урсун башыңан! (фольк.).