ТУЗАК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Канаттууларды жана майда жаныбарларды кармоо үчүн кылдан же башка нерседен сыйыртмак кылып жасалган илмек, кылтак. Каныбек күнгөй тараптагы тузак тарткан жерине карай басты (Жантөшев). Мен бир мусапыр ырчы, Уларга тузак тарттым эле (Бөкөнбаев). 2. өт. Алдап бирөөнү колго түшүрүү максатындагы амал, айлалуу аракет. Ата-энемдин сөзүн кыя албай жүрүп, ушул өңдүү тузакка чалындым (Абдукаримов).