Киргизско-русский словарь Юдахина
1. всякий силок (желе (см. желе I 3), кылтак (см. кылтак 2) и др.);
тузак тарт- ставить силки;
тузакка туш-
1) попасться в силок;
2) перен. попасться в сети;
тарткан тузактарына күнүгө бирден-экиден кекилик түшө турган в расставленные им силки обычно каждый день попадало по одной, по две каменных куропатки;
таман тузак петля для ловли лошади за ногу;
таман тузак тарт-
1) разложить петлю, чтобы поймать лошадь;
2) перен. готовить подвох, расставлять сети кому-л.;
же бир шумдук үчүн таман тузак тартып турабы? или он для какого-то подвоха расставил сети?
2. охот. сеть;
ак туйгунга жайды тузагын фольк. раскинул он сеть на белого кречета;
тузак үзгөн или тузак үзүп, капкан сындырган видавший виды, тёртый калач (букв. силок порвавший);
тузак үзгөн кемпир бывалая старуха;
тузак үзуп, капкан сындырууга калганда когда нет никакого способа выкрутиться, когда прижали к стенке (напр. человек соглашается, признаёт свою вину и т.п.).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Канаттууларды жана майда жаныбарларды кармоо үчүн кылдан же башка нерседен сыйыртмак кылып жасалган илмек, кылтак. [Каныбек] күнгөй тараптагы тузак тарткан жерине карай басты (Жантөшев). Мен бир мусапыр ырчы, Уларга тузак тарттым эле (Бөкөнбаев).
2. өт. Алдап бирөөнү колго түшүрүү максатындагы амал, айлалуу аракет. Ата энемдин сөзүн кыя албай жүрүп, ушул өңдүү тузакка чалындым (Абдукаримов).
Таман тузак — 1) жылкынын бутуна сала коюп кармоо үчүн жасалган сыйыртмак. Тартылбайбы айласыз Таман тузак арканга (Тоголок Молдо). 2) өт. бирөөгө кылган кастык, душмандык аракет, амал. Билсең, бул, бизге коюлган таман тузак [деди Айгүл]. Же бир шумдук үчүн таман тузак тартып жатабы? (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Канаттууларды жана майда жаныбарларды кармоо үчүн кылдан же башка нерседен сыйыртмак кылып жасалган илмек, кылтак. Каныбек күнгөй тараптагы тузак тарткан жерине карай басты (Жантөшев). Мен бир мусапыр ырчы, Уларга тузак тарттым эле (Бөкөнбаев). 2. өт. Алдап бирөөнү колго түшүрүү максатындагы амал, айлалуу аракет. Ата-энемдин сөзүн кыя албай жүрүп, ушул өңдүү тузакка чалындым (Абдукаримов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кылдан эшилип жасалган көзөнөгү сыдырылып келип илинген нерсесин кармап кала турган тузак сөзү туз+ ак бөлүктөрүнөн куралган. Анын туз уңгусу тут «карма» деген сөздүн аяккы т тыбышы з тыбышына өткөн варианты болуп эсөптелет. Ага этиштен зат атооч жасоочу -ак мүчөсү уланган. Келип чыккан тутак сөзү «кармоочу» дегенге жакын маани берген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Далайды башынан өткөргөн, көк чоку, абдан митаам, зулум. Көрсө бул да тузак үзгөн эргулдардан окшойт («Чалкан»). Хан хандан кем калчубу, мунусу деле бир тузак үзгөн эме го (Даникеев). Тузак үзүп, капкан сындырган.