Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Канаттууларды жана майда жаныбарларды кармоо үчүн кылдан же башка нерседен сыйыртмак кылып жасалган илмек, кылтак. [Каныбек] күнгөй тараптагы тузак тарткан жерине карай басты (Жантөшев). Мен бир мусапыр ырчы, Уларга тузак тарттым эле (Бөкөнбаев).
2. өт. Алдап бирөөнү колго түшүрүү максатындагы амал, айлалуу аракет. Ата энемдин сөзүн кыя албай жүрүп, ушул өңдүү тузакка чалындым (Абдукаримов).
Таман тузак — 1) жылкынын бутуна сала коюп кармоо үчүн жасалган сыйыртмак. Тартылбайбы айласыз Таман тузак арканга (Тоголок Молдо). 2) өт. бирөөгө кылган кастык, душмандык аракет, амал. Билсең, бул, бизге коюлган таман тузак [деди Айгүл]. Же бир шумдук үчүн таман тузак тартып жатабы? (Жантөшев).