Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тегерене басып аңдуу, аңдып артына, изине түшүү; аңдып, имерчиктеп байкоого алуу. Бир бөдөнө көрүп, ошону тоорудум (Жантөшев). [Жума] кыштан бери биздин үйдү тооруду да калды (Жантөшев).
2. Ордо ойнунда чийинге жакын турган чүкөнү тышка чыгара, абалагын болсо ичке калтырууга аракеттенип атуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. подкарауливать; выслеживать разведывая, ходить вокруг; целиться, примеряться взглядом (напр. при игре в бабки перед ударом);
тундө айылды ууру тооруду ночью вор выслеживал аул;
кыштан бери биздин уйду тооруду да калды он с зимы неотступно следил за нашим домом;
бөдөнө тоору- ходить вокруг затаившейся в траве перепёлки, постепенно суживая круг;
бөдөнөнү тооруп чаап алдым я убил (палкой, плетью) перепёлку, обойдя её несколько раз;
бир бөдөнө көрүп, ошону тоорудум я заметил перепёлку и ходил вокруг (чтобы поймать её);
кулаалы, чөжөлөрдүн үстүндө айланып, тооруп жүрөт коршун выслеживает цыплят, кружась над ними;
бөдөнөдөй тооруп турат он всё ходит вокруг, чтобы, улучив момент, наброситься;
тооруган бука көздөнүп повернув голову и дико глядя исподлобья (букв. глазами уподобившись быку, готовому к схватке);
айыктыңбы, жан боорум, тооруган кесел-оорудан? фольк. оправился ли ты, мой родной, от болезни-хворобы, которая тебя одолевала?
сен мени көп тооруба не морочь мне голову; не заговаривай мне зубы;
2. (при игре в ордо, см. ордо 3) бить альчик, стоящий у круга, в свою сторону так, чтобы биту оттянуть к центру.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тегерене басып аңдуу, аңдып артына, изине түшүү; аңдып, имерчиктеп байкоого алуу. Бир бөдөнө көрүп, ошону тоорудум (Жантөшев). Жума кыштан бери биздин үйдү тооруду да калды (Жантөшев). 2. Ордо ойнунда чийинге жакын турган чүкөнү тышка чыгара, абалагын болсо ичке калтырууга аракеттенип атуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(или торук)
р.
1. торги, аукцион;
тоорук кылып сат- принудительно продать с торгов, с аукциона, с молотка;
үй-мүлкүң тоорук болот твой дом и имущество пойдут с молотка;
2. разг. конфискация;
тоорук болгон киши человек, имущество которого конфисковано;
малы тоорук болуп кетти у него скот конфискован.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Орус тилиндеги торг «сатуу» деген сөздөн улам пайда болгон. Аукцион маанисинде колдонулат. // Торгоду болуш сөзүӊдү, тоорук кылды өзүӊдү (Тоголок Молдо). Оозеки тилде «конфискация» маанисинде да колдонулат: малы тоорук болуп кетти. Бул мааниси орус тилинде жок.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТООРУК – айрым келишимдерди (соода-сатык, алып келүү, жалдама ж. б.) түзүүнүн атаандаштык тартиби. Т. аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт. Чет өлкөлүк (эларалык) аталгытаанууда жана КРдин айрым ченемдик актыларында Т. (конкурстук тариздеги) тендер деп аталат. Келишим Т-та утуп алган жак менен түзүлөт. Т-тун уюштуруучусу катары буюмдун ээси же мүлк укугунун ээлик кылуучусу, болбосо адистешкен уюм чыгуусу мүмкүн, ал буюмдун ээси же мүлк укугунун ээлик кылуучусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде аракеттенет жана алардын же өз атынан чыгат. Мыйзамда белгиленген эрежелерди бузуу менен өткөрүлгөн Т. кызыкдар жактын доо арызы боюнча жараксыз деп табылуусу мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
сүйл. 1. Кандайдыр бир буюмду, мүлктү ж. б. эл алдында кыйкырып жогорку баа төлөгөн кишиге сатуусу соода, аукцион. 2. сүйл. Конфискация, конфискациялоого туш келген абал. Тоорук болгон киши. Тоорук кылуу. Малы тоорук болуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
тоорул I
разведка, дозор;
"тоорулга барып келемин" деп, токтотуп койду кошунду фольк. он остановил войско, чтобы (самому) съездить на разведку;
тоорулдагы төрт баатыр, карап жатты, таң атты стих. четыре богатыря, что были в дозоре, смотрели, наступил рассвет.
тоорул- II
страд. от тоору- 1;
топтошуп тургандарды тоорула карап койду столпившихся он окинул недоброжелательным взглядом;
атасы анын зор улук, Кокондон келди тоорулуп фольк. отец его большой начальник, приехал из Коканда с опаской, объездом.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алыстан абай салган чалгын, душмандын чегин тооруган (айлана бастырып) чалгын. Жалпы эле чалгын маанисинде да айтыла берет. Тоорулга жүрсө жол болгон («Манас» С. О.). Тоорулдан эрдик кылган деп, Тоо кыргызы мактасын («Эр Табылды»). 2. Кароолго чыгуу, багуу, көзөмөлгө алуу, байкоо. Кору чубар көп бээден, Тоорулга минер ат туубайт («Эл адабияты»). Тоорулдагы төрт баатыр, Карап жатты, таң атты («Эр Табылды»). 3. Айыл тооруп жүргөн (ууру) киши. Кайгуул эмес тоорулдун, Караанын көрсө тепсеген («Эл адабияты»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: тоорумай сал- пытаться как бы ненароком высмотреть или обиняками выспросить;
сизге тоорумай салып келдим я пришёл к вам, думая, не получу ли чего-нибудь, не перепадёт ли что-нибудь от вас.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от тоору-
1. выслеживать друг друга; повернув голову, исподлобья настороженно следить за движениями друг друга (напр. о быках, приготовившихся к бою);
балбандар ортого чыкты, тоорушту бойцы вышли на круг, измеряя взглядом друг друга;
тоорушуп келген букача, тогошуп өттук нукушуп стих. (мы перед борьбой) посмотрели друг на друга, как быки, готовые к схватке, миновали друг друга, чуть подтолкнув друг друга;
2. совместно производить разведку;
тоорулду бирге тооруштук, күлүктү бирге жооруттук фольк. разведку мы вместе проводили, скакунов (длительной ездой) мы вместе доводили до ссадин.