Киргизско-русский словарь Юдахина
1. холод; мороз; холодный; морозный;
күн суук погода холодная;
суук чай холодный чай;
абанын температурасы түн ичинде беш градус суук температура воздуха ночью пять градусов мороза;
бир градус сууктан үч градус жылуу от одного градуса мороза до трёх градусов тепла;
аттан ыргып кете турган суук трескучий мороз;
суук же- (о человеке) испытывать холод, мёрзнуть;
суукка тоңуп кетмей болдум я замерзаю;
2. (в народной медицине) пища и питьё, которые вызывают в организме ощущение холода (см. ысык);
апийим уу болот; мында тамакты күчтөп ичпесе, киши суугуна тегеренип жыгылып калат опиум ядовит; если здесь (на сборе опия) плотно не есть, то у человека от слабости кружится голова, и он падает;
3. (в народной медицине) название тяжёлой болезни (вызывающей ослабление организма, требующей высококалорийной - мясной, жирной пищи);
сийгелектеп калыпсың, суугуң ашып кеткен турбайбы ты что-то часто мочиться стал, у тебя, смотри, (в организме) суук усилился;
4. неприятный, неприветливый; противный, антипатичный;
элге суук көрсөт- выставлять кого-л. перед народом в нехорошем виде; вызывать к кому-л. неприязнь народа;
суук ооз (о человеке) со злым языком;
суук сөз неприятная речь; неприятная весть;
суук кабар неприятное известие, тяжёлое известие;
түрү суук неприятного вида, неприятный на вид;
өңү суук лицо, вызывающее антипатию;
көзгө суук антипатичный;
суук учура- претить, быть противным;
суук тийди простудился;
суук тийгиз- простудить;
суук тийгизип ал- схватить простуду, простудиться;
суук тийгизип алдым я простудился;
суук кол грязная (нечестная) рука;
суук көз недобрый глаз (который якобы может сглазить, повредить);
турмуштун ысык-суугун таткан он испытал и радости и горести жизни; он бывал во всяких житейских передрягах;
ысыгына бата албай, суугуна жата албай страшась его грозного вида;
суугуна тегеренип калыптыр он совершенно ослабел (температура упала ниже нормальной);
адамды суугуна айландырып (или тегерентип) коё турган кызмат изнурительная работа;
суугуна тоңору, ысыгына күйөрү жок у него нет никого, кто бы разделял его горе и его радости.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Абанын төмөнкү температурада болушу, муздактык, аяз. Суукка чыйрыгып калган койлор чубуруп короого келе баштады (Убукеев). Кыш чилдеси кырк күнү Суук болот күн-түнү (Тоголок Молдо).
  1. 2.                  Сулуу эмес, серт, кебетеси жаман. Аркаңдагы учкашкан, Түрү суук кандай таз («Эр Төштүк»). Болуштун өңү адамдан суук эле (Каралаев). Сарайдын кебетеси да суук көрүнөт (Байтемиров).
  2. 3.                  Жагымсыз, ырайымсыз; кейиштүү, кайгылуу. Суук көз. Суук кабар. Тили суук.
  3. 4.                  сүйл. Организмдин начарланышы, күчтүүлөп тамактанууну талап кылган организмдин начарлоосу. Апийим уу болот. Мында тамакты күчтөп ичпесе, киши суугуна тегеренип жыгылып калат. [Ысак сенин] суугуң ашып кетиптир (Абдукаримов).

Суук колун салуу — коомдун же башка бирөөнүн мүлкүн, акысын өз кызыкчылыгына пайдалануу, өзүнө алууну көздөө. Суук ооз — заар тилдүү, кер ооз. Суук көз — жаман ниеттеги, жаман пикирдеги киши, жат киши. Суук көзгө карааны Беш-алты жүз чамалуу (Тоголок Молдо). Суук тумшук — жек көрүндү. Иштебегендер элге-журтка суук тумшук болуп калучу (Байтемиров). Суук тийүү — суукка урунуудан организм ооруга чалдыгуу, сезгенүү. Суук тийгенби, айтор, мурдун шор тартып утур-утур шыпшынат (Байтемиров). Суукка алдыруу — үшүтүп жиберүү. Акбар кулагы менен бетин суукка алдырып жибериптир (Убукеев).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
суук, суугу, суукка
суук алкактар
суук боор
суук кабар
суук кол
суук колун салуу
суук көз
суук көзгө чалынбоо
суук көрүнүү
суук мамиле
суук ооз
суук селки
суук сөз
суук тийүү
суук тил
суук тилин агытуу
суук тумшук
суук түр
суук уюл
суук чөл

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абанын төмөнкү температурада болушу, муздактык, аяз. Суукка чыйрыгып калган койлор чубуруп короого келе баштады (Убукеев). Кыш чилдеси кырк күнү, Суук болот күн-түнү (Тоголок Молдо). 2. Сулуу эмес, серт, кебетеси жаман. Аркаңдагы учкашкан, Түрү суук кандай таз («Эр Төштүк»). Болуштун өңү адамдан суук эле (Каралаев). Сарайдын кебетеси да суук көрүнөт (Байтемиров). 3. Жагымсыз, ырайымсыз; кейиштүү, кайгылуу. Суук көз. Суук кабар. Тили суук. 4. сүйл. Организмдин начарланышы, күчтүүлөп тамактанууну талап кылган организмдин начарлоосу. Апийим уу болот. Мында тамакты күчтөп ичпесе, киши суугуна тегеренип жыгылып калат. Ысак сенин суугуң ашып кетиптир (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Коомдук мүлккө же башка бирөөнүн мүлкүнө, акчасына көз артып, аны өз кызыкчылыгына пайдалануу, өзүнө алууну көздөө. Бүткүл элдик менчикти сактоодо ага суук колун салып жаткандарга каршы күрөшүү аракеттери жүргүзүлүп жатат («Советтик Кыргызстан»). 2. Душмандык кылуу, кыянатчылык көрсөтүү. Сурасам бербес Төштүгүң Суук колум саламын, как баш («Эр Төштүк»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Коомдук мүлккө же башка бирөөнүн мүлкүнө, акчасына көз артып, аны өз кызыкчылыгына пайдалануу, өзүнө алууну көздөө. Бүткүл элдик менчикти сактоодо ага суук колун салып жаткандарга каршы күрөшүү аракеттери жүргүзүлүп жатат («Советтик Кыргызстан»). 2. Душмандык кылуу, кыянатчылык көрсөтүү. Сурасам бербес Төштүгүң Суук колум саламын, как баш («Эр Төштүк»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаман ниеттеги, жаман пикирдеги жат киши, душман. Силер суук көзгө көрсөтпөй турган кызыңарды өлүмтүк дөбөткө тыттырдыңар («Советтик Кыргызстан»). Суук көздөн качып, байкалбас эл четин чалды (Осмоналиев). Суук көзгө карааны Беш-алты жүз чамалуу (Тоголок Молдо). Суук сөздөн, суук көздөн калкалап, Канча жолу нөшөрлөрдөн далдалап (Бегимкулова).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ниети жамандан алыс болуу, ичи кара, жамандык издегенден качуу, оолак жүрүү. «Элим ай, мен качкынмын, көп да даршан боло бербейин, суук көзгө көп чалынбай көңүлдөш кишилердин ичинде эле жүрө турайын»,- деди (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ниети жамандан алыс болуу, ичи кара, жамандык издегенден качуу, оолак жүрүү. «Элим ай, мен качкынмын, көп да даршан боло бербейин, суук көзгө көп чалынбай көңүлдөш кишилердин ичинде эле жүрө турайын” ,– деди (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Заар тилдүү, тили суук, кер ооз. Суук ооз шүмшүктүн Дыркырап турат мүнөзү (Тоголок Молдо). Келиптир суук ооз ант урган чал, Эшикте балдар менен жакалашты (Шүкүрбеков). Бир суук ооз шүмшүк бар, Шүмшүктө далай түйшүк бар (Тоголок Молдо). Суук ооз шүмшүктүн, Дыркырап турат мүнөзү (Тоголок Молдо). Келиптир суук ооз ант урган чал, эшикте балдар менен жакалашты (Шүкүрбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаман, терс, заар, ачуу айтылган кеп. Суук сөздү бетке айтат, Куралган жыйын көпкө айтат (Тоголок Молдо). Акунжан жөнүндөгү аркы-берки суук сөздөр күн сайын көбөйүп кетти (Байтемиров). -Койчу суук сөзүңдү, - деди атасы чыйрыккандай (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаман, терс, заар, ачуу айтылган кеп. Суук сөздү бетке айтат, Куралган жыйын көпкө айтат (Тоголок Молдо). Акунжан жөнүндөгү аркы-берки суук сөздөр күн сайын көбөйүп кетти (Байтемиров). В.: Суук тил. Букендин суук тили Зууракандын жанына далай баткан (Сыдыкбеков). Өз өкүмдары катуу кол, суук тил болгону үчүн түп көтөрө ага каршы аттанып чыкканын, эске салды датка айым (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө жан кейиткен, көңүлгө катуу тийген ачуу сөз. Букендин суук тили Зууракандын жанына далай баткан (Сыдыкбеков). Өз өкүмдары катуу кол, суук тил болгону үчүн түп көтөрө ага каршы аттанып чыкканын, эске салды датка айым (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
. зат. 1. Суук экендик. Ысыкта, сууктукта тыным албай, Кургады суусуз чөлдө катып таңдай (Бөкөнбаев).
2. Сууй баштагандык, баштагыдай болбой калган мамиле. Улам-улам сууктук аралай берди (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Суук экендик. Ысыкта, сууктукта тыным албай, Кургады суусуз чөлдө катып таңдай (Бөкөнбаев). 2. өт. Сууй баштагандык, баштагыдай болбой калган мамиле. Улам-улам сууктук аралай берди (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жек көрүнчү болуу, жаман атка конуу деген маанилерде колдонулат. Менин ошо кадырымды жанагы атың өчкөн Кулет дей турган сынган кернейдей болгон суук тумшук кара санатай ит тепсеп отурбайбы (Ш.Үмөталиев). Иштебегендер элге-журтка суук тумшук болуп калучу (Байтемиров). Башта суук тумшук болуп, эл-журттан бөлүнүп калганын эми түшүндү (Байтемиров). Кызматыма да, үйүмө да суук тумшук болуп баратам («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(в народной медицине)
1. человек, предрасположенный к заболеваниям суук (см. суук 3);
2. (о младенце) подверженный частым заболеваниям желудка (таким детям рекомендовали давать топлёное коровье масло).