Киргизско-русский словарь Юдахина
сана I
ар. редко
год; летосчисление;
бир миң үч жүз он алты мусулманча бул сана стих. тысяча триста шестнадцатый (год) мусульманского (т.е. лунного) летосчисления.
сана- II
(ср. эсепте-)
считать устно;
кой сана- считать овец (поголовно, а не по записям);
мүнөт санап с каждой минутой;
күн санап с каждым днём;
жыл санап с каждым годом;
жыл санап өсүп келе жатат с каждым годом (всё больше и больше) растёт.
сана- III
1. думать, помышлять; замышлять;
алда кандай болот - деп, артын санап калбады фольк. он не подумал о последствиях, как, мол, это будет;
ак сана- желать добра, помышлять хорошее (для другого);
ажырашкан аял ак санабайт разведённая жена добра (бывшему мужу) не желает;
кара сана- замышлять недоброе;
кам санаба не беспокойся, не печалься;
кырга чыгып карады, кыйла санаа санады фольк. взъехав на хребет, он посмотрел, много дум передумал;
2. скучать, тосковать;
санадым, кетем элиме фольк. я соскучился, уеду к своему народу;
жерин санап скучая по своему дому или по своей родине.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Эсептөө, бир нерсенин эсебин чыгаруу; сандарды көбөйүү жагын көздөй катары менен атоо. Мал сана. Акча сана. Онго чейин сана. Жүзгө чейин сана.
САНА II этиш. 1. Ойлоо, ниет кылуу. Жетилсин деп жардыны Санабадың, беш каман (Токтогул). Уйпалаган кедейди, Убалы бар деп санабай (Тоголок Молдо).
  1. 2.                  Эстөө, эсине алып кусалануу, сагынуу. Жүрөгү сыздап токтонбой, Ошо Канышайды санаса («Курманбек»). Төрт балаңдай Шайымбет, Жалгызын санап дегдеди («Эр Табылды»). Жалдыратам көзүмдү Жатсам, турсам көп санап (Токтогул).
  2. 3.                  Эсептөө. Көркөм сөздү ок катары карайбыз, Күчтүү сөздү мыктуу курал санайбыз (Турусбеков).

Ак саноо — бирөөгө жакшылык ойлоо, жакшы ойдо, ак ниетте болуу. Арам саноо — жаман ойдо болуу, шектенүү. Жокко саноо — жокко эсептөө, жок болгон катары ойлоо. Кам санабоо к. кам I. Кара саноо к. кара III. Кооп саноо — шектенүү, күнөм кылуу, шек саноо.

Киргизско-русский словарь Юдахина
мысль, дума; намерение; забота, печаль;
санаа күюндан да күлүк погов. мысль быстрее вихря;
жакшы санаа - жарым ырыс погов. благожелательная мысль - половина удачи (если, напр., я высказал уверенность, что клевета на меня будет опровергнута,- это уже половина удачи);
санаасы кыска у него ум короткий;
санааң кыска, ичиң тар, санаага башың салмаксың фольк. ум у тебя короткий, ты скуп, ты взвалишь на себя заботы;
санаасы жок сары сууга семирет погов. беспечный от простой воды жиреет;
санаа бас- рассеять тревожные мысли;
капаңды атың ачсынчы, санааңды атың бассынчы фольк. печаль твою пусть конь твой разгонит, тревогу твою пусть конь твой растопчет;
санаабыз тынып олтурат наше беспокойство утихает;
санаасы тынар его беспокойство пройдёт; он успокоится;
санаасы тынбады его беспокойство не улеглось;
солдат жүрсө артыңда, санааңа кайгы толбойбу фольк. когда сзади тебя идут (конвойные) солдаты, разве мысли твои не наполнятся тревогой;
санаага ал- замыслить;
заар салсам ашка - деп, санаасына алыптыр фольк. он замыслил, мол, не подложить ли (ему) в пищу яда;
санаага тол- дать удовлетворение, успокоить;
самааңа бул сөз толобу? эти слова тебя удовлетворят или успокоят?
санаасы менен болтурам я исполню всё, что он пожелает (напр. дам всё, что он просит);
санаасы санга бөлүндү его мысли разбрелись; его охватила тревога;
санаа тартпай недолго думая;
санаам бөлө алды болду я очень беспокоюсь;
сары санаа (или сарсанаа) сильное беспокойство, тревога;
сарсанаа тарт- тревожиться, беспокоиться;
бул эмне болду?-деп, сарсанаа тартты он очень встревожился, мол, что случилось?
санаага кал- проявлять беспокойство, думать с беспокойством (как бы чего плохого не вышло).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Ой, тилек, пикир. Коммунисттик партия адамзаттын эзелтен берки санаасын иш жүзүнө ашырды («Советтик Кыргызстан»). Жакшы адамдын санаасы Жамандыкка бурулбайт (Токтогул).
2. Капа, кайгы, убайым. Таза жүрөк каныңды Санаа, дартка жуудуңбу? (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ой, тилек, пикир. Жакшы адамдын санаасы, Жамандыкка бурулбайт (Токтогул). Санаа күлүк, изи жок, Сабылсам элдин иши жок (Казыбек). Санаасыз адам гана шамал кууган камгакча жеңил көрүнөт (Стамов). 2. Капа, кайгы, убайым. Таза жүрөк каныңды Санаа, дартка жуудуңбу? (Токтогул). Санаадан саргарбачы сезимдерим, Сыноого түшүп анча эзилбегин (Бегимкулова). Махабатты, маанайы пас күйүттү, Санаа торойт, шайырлыкка умтулам (Закирова).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Пикирдеш, сырдаш; ой-санаасы бирге, ой-тилеги бир. Санаалаш тандап жолго алгын: Эми сапарың болсун, аттангын! («Манас»). Заманына, өз калкына ой-пикири санаалаш, Кыргызстан ыр калаасы, ыракаттын бешиги (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Пикирдеш, сырдаш; ой-санаасы бирге, ой-тилеги бир. Санаалаш тандап жолго алгын: Эми сапарың болсун, аттангын! («Манас»). Санаалаш ойноп-күлгөнгө, Санаага түшөт көп пикир (Казыбек). Заманына, өз калкына ой-пикири санаалаш, Кыргызстан ыр калаасы, ыракаттын бешиги (Осмонов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(неправ. саналуу)
печалящийся, проявляющий заботу;
санаалуу болгон атаң, мен, эч бир кабар укпадым фольк. я, твой печалящийся отец, не имею никаких вестей (от тебя);
жакшы санаалуу киши доброжелательный человек, доброжелатель;
өзүнө жакшы санаалуу деген кишилер люди, которых он считает своими доброжелателями.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эсептөө, бир нерсенин эсебин чыгаруу; сандарды көбөйүү жагын көздөй катары менен атоо. Мал сана. Акча сана. Онго чейин сана. Жүзгө чейин сана. Санап туруп малды алып, Салынуу сарай тамды алып (Казыбек).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ойлоо, ниет кылуу. Жетилсин деп жардыны Санабадың, бешкаман (Токтогул). Уйпалаган кедейди, Убалы бар деп санабай (Тоголок Молдо). Атаң өлсө, мени атаңдай санагын, Уул болгун, өз уулумдай, карагым! (Баласагын). Атуулуңду пешка сындуу санаган, Арыласың качан ушул адаттан? (Байгазиев). 2. Эстөө, эсине алып кусалануу, сагынуу. Жүрөгү сыздап токтонбой, Ошо Канышайды санаса («Курманбек»). Төрт балаңдай Шайымбет, Жалгызын санап дегдеди («Эр Табылды»). Жалдыратам көзүмдү Жатсам, турсам көп санап (Токтогул). 3. Эсептөө. Көркөм сөздү ок катары карайбыз, Күчтүү сөздү мыкты курал санайбыз (Турусбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
счёт, учёт;
санактан өткөр- считать, брать на учёт, учитывать;
санактан өткөрүл- быть подсчитываемым, учитываемым; подсчитываться, учитывяться, браться на учёт;
мал санактан өткөрүлдү скот взят на учёт;
санак башкармасы уст. статистическое управление.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от сана- II;
курулган имараттар ондоп саналат выстроенные здания насчитываются десятками;
саналган сааттар калды остались считанные часы;
болуп саналат считается кем-чем-л., принимается за кого-что-л.;
кара санал- появляться - о недобрых мыслях.

Киргизско-русский словарь Юдахина
саналуу I
и. д. от санал-;
андайлар азыр ондоп саналуучу болду теперь такие насчитываются десятками.
саналуу II
считанный (немногочисленный); то, что можно по пальцам перечесть;
мал төлдөтүү кампаниясынын башталарына саналуу гана күндөр калды до расплодной кампании скота остались считанные дни;
ошондон кийин саналуу гана күндөр өттү после того прошло немного дней;
күнү саналуу дни его сочтены.
саналуу III
см. санаалуу;
жакшы саналуу меймандар доброжелательные или приятные гости.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
digital certificate (noun)
A digital document that is commonly used for authentication and to help secure information on a network. A certificate binds a public key to an entity that holds the corresponding private key. Certificates are digitally signed by the certification authority that issues them, and they can be issued for a user, a computer, or a service.

Киргизско-русский словарь Юдахина
санат I
1. поучение, мудрое изречение;
2. лит. песня, состоящая из рифмованных афоризмов; поговорка переходящая в песню (термин этот, видимо, предшествовал термину заман, см. заман 2);
3. обычай, установление;
атадан калган санаты: найза сынса аш-тойдо, карматып колго жаңыртат стих. (у них) от предков оставшийся обычай: если на тризнах-пирах (при поединке) сломается копьё, дают новое;
4. пышность, роскошь, красота; слава, известность;
кан Көкөтөй ашынан артык кылам санатын фольк. я превзойду по пышности (даже) поминки по хану Кокетею;
карасаң, чокусуна көзүң жетпес, сайрасаң, санатына сөзүң жетпес стих. посмотришь - до вершины (гор) глаз не достаёт, воспеваешь - для красот слов не хватает;
санатка кетти даңкыбыз слава о нас далеко разнеслась;
үзүлгөн экен канатым, токтолгон экен санатым фольк. (как видно) оборвались мои крылья, померкла (букв. остановилась) моя слава;
5. расправа, наказание; недобрый замысел;
силер болбосоңор, бул акмакка бир санат бар эле если бы вас не было, то этому дураку было бы!;
кылбаган санатты кылдыңар вы учинили невиданную расправу;
сага кылбаган санатты кылайын (или көрсөтөйүн) я тебя так проучу, что ты долго будешь помнить;
сен бир санатты кылганы турасың ты собираешься устроить какую-то пакость.
санат II
1. счёт; число;
мал санаттан өтөт скот будет подсчитан, взят на учёт;
санаттан өткөр- подсчитывать, брать на учёт;
санат жеткис или санаты сандан өтүптүр несметное количество;
санатка кош- (о человеке) считать заслуживяющим уважения, принимать в число достойных;
Саадат аны тууган санатына кошпой келген Саадат его не считал родичем; Саадат не считался с ним, как с родичем;
2. грам. уст. числительное.
санат- III
понуд. от сана- II;
нактай санатып ал- получить наличными;
көңүлүм көптү санатат сердце моё неспокойно (не случилось ли чего-нибудь плохого).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Үлгү болорлук, сабак болорлук насыят сөз. Улуу адамдардын санат сөздөрү. Жыйындын ортосунда мени баалап, Ыр менен нечен түркүн айтты санат(Барпы).
2. ад. Рифмаланган бир нече афоризмден турган үлгү, насыят маанисинде айтылган ыр.
3. Шаани, шаан-шөкөт. Кан Көкөтөй ашынан Артык кылам санатын («Манас»).
4. Жаза, бирөөгө көрсөтөр кордук. Кылбаган санатты кылдыңар. Сага көрсөтөр санат башка эле, тарткылыгың жок экен («Чалкан»).
САНАТ II зат. Эсеп, бир, нерсенин жалпы саны; санак. Айылынын санаты Алты миң түтүн жаны бар («Эр Төштүк»). Аманы канча калды деп, Санатын менден сурадың (Токтогул). Малды санаттан өткөрүү.
САНАТ III сана этишинин аркылуу мамилеси.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: кара санатай см. карасанатай;
Аксанатай жана Карасанатай сказочные персонажи (соответствующие русским "Правде" и "Кривде");
Аксанатай менен Карасанатай жолдош болуп жолоочу жүрүштү Аксанатай и Карасанатай вместе путешествовали.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үлгү болорлук, сабак болорлук насыят сөз. Улуу адамдардын санат сөздөрү. Жыйындын ортосунда мени баалап, Ыр менен нечен түркүн айтты санат (Барпы). 2. адаб. Уйкашкан бир нече учкул сөздөн турган үлгү, насыят маанисинде айтылган ыр. Айталбаган сөз үчүн оозуңду бекер ачпагын. Мактанганга март болуп, Оокатыңды чачпагын (Токтогул). 3. Шаани, шаан-шөкөт. Кан Көкөтөй ашынан Артык кылам санатын («Манас»). 4. Жаза, бирөөгө көрсөтөр кордук. Кылбаган санатты кылдыңар. Сага көрсөтөр санат башка эле, тарткылыгың жок экен («Чалкан»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНАТОРИЙ-КУРОРТТУК УЮМДАР – мамлекеттик, муниципалдык, жеке ж. б. менчикте туруп, денсоолук чыңдоо чөлкөмүндө жайгашуу менен, дарылоо жана саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүчү санаторийлер, алдынала дарылоо жайлары, пансионаттар, эсалуу үйлөрү менен базалар, туристтик базалар, спорт лагерлери, балдар лагери ж. б. уюмдар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНАТОРИЙ-КУРОРТТУК УЮМДАР – мамлекеттик, муниципалдык, жеке ж. б. менчикте туруп, денсоолук чыңдоо чөлкөмүндө жайгашуу менен, дарылоо жана саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүчү санаторийлер, алдынала дарылоо жайлары, пансионаттар, эсалуу үйлөрү менен базалар, туристтик базалар, спорт лагерлери, балдар лагери ж. б. уюмдар.

Киргизско-русский словарь Юдахина
считать, подсчитывать; перечислять;
санаттап айта берсе, чыгым кедейдин төбөсүндө чачынчалык стих. если перечислять (бывшие) поборы, они бесчисленны, (их) столько, сколько волос на голове бедняка.

Киргизско-русский словарь Юдахина
считанный; ровно столько;
санатылуу алты ай ровно шесть месяцев;
санатылуу бир-бирден сайган эриң жүз болсун фольк. чтобы побеждённых тобою богатырей, считая по одному, было ровно сто.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (оздоровление) санация, санация кылуу, санациялоо (саламаттандыруу);
2. эк. санация, санация кылуу, санациялоо (банктарды жана ири ишканаларды банкротстводон, сынуудан, кыйроодон аман сактап калуу үчүн капиталисттик өлкөлөрдө жүргүзүлүүчү чаралар системасы).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНАЦИЯ (ЖАНДАНДЫРУУ ) (лат. sanatio – дарылоо) – уюмдарды банкроттон куткаруу жана анын атаандашчылдыгын арттыруудагы каржылык ж. б. экономикалык жактан калыбына келтирүү боюнча ишчаралар тутуму.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
экон. Мамлекет же башка менчик ээлери тарабынан – ишканалардын финансылык абалын жакшыртуу боюнча, банктарды банкротко учуратпоонун алдын алуу же атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жүргүзүлүүчү иш-чаралардын системасы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНАЦИЯ (ЖАНДАНДЫРУУ ) (лат. sanatio – дарылоо) – уюмдарды банкроттон куткаруу жана анын атаандашчылдыгын арттыруудагы каржылык ж. б. экономикалык жактан калыбына келтирүү боюнча ишчаралар тутуму.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от сана- II
1. совместно считать; считаться, производить взаимные расчёты;
күн санашып көбөй- увеличиваться с каждым днём;
2. вместе с кем-л. думать; думать об одном и том же;
жакын санашкан сөөк-тамырлары его доброжелательные родичи.