Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. мелкий, некрупный;
майда акча мелкие деньги;
майда элдер мелкие (малочисленные) народы, мелкие племена;
абдан майда мельчайший;
майда-чүйдө или майда-чайда или майда-барат или майда-бачек всякая мелочь;
майда-барат кемчиликтер всякого рода мелкие недочёты, дефекты;
майда-чүйдө алды-бердиси мелкие взаимные расчёты;
майда-чүйдө каражаттар мелкие расходы;
майда-чүйдө тапшырмалар мелкие поручения;
2. перен. маленький человек, маленькие люди, простой народ; люд;
майда-барат киши (общественно) незначительный человек, мелкая сошка;
майда кызматчылар ист. мелкие служащие;
майда жаш детский возраст (до четырнадцати-пятнадцати лет);
майда сөз разговор о том о сём, мирная беседа;
таттуу тамак, майда сөз эминени чечишпейт! стих. чего только не разрешают сладкая пища и мирная беседа!;
майда сөздөн салып отурат он говорит о том о сём.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Кичине, кичинекей, ушак, бөлчөктөнгөн, ири эмес, чоң эмес (көлөмү, көрүнүшү жагынан). Майда таш. Майда суулар. Майда тууралган эт. Майда тал.
2. Олуттуу эмес, орчундуу эмес; ири эмес. Майда жумуш. Майда сез. Майда кызматкер.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кичине, кичинекей, бөлчөктөнгөн, ири эмес, чоң эмес (көлөмү, көрүнүшү жагынан). Майда таш. Майда суулар. Майда тууралган эт. Майда тал. 2. Олуттуу эмес, орчундуу эмес, ири эмес. Майда жумуш. Майда сөз. Майда кызматкер. Майдадан ирир курулат, учкундан жалын тутанат (макал).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАЙДА ИЗДЕР – криминалистикада оптикалык жардамчы жабдыктарсыз так аныктоого мүмкүн болбогон издер. М. и-ге булалар, сырдалган нерселердин бөлүктөрү, айнектин сыныктары, жыгачтын үбөлөндүлөрү ж. б. көптөгөн нерселер кирет.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кесек, келки нерселерди кичине бөлүктөргө бөлүү, майда түргө келтирүү, майда кылуу. Дыңды бузуп майдалап, Үрөндү тегиз сепкиле (Осмонкул).
  1. 2.           Майда себелөө. Майдалап жааган жаан.
  2. 3.           Ири, чоңураак суммадагы акчаны майда акча менен алмаштыруу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
мельчить, размельчать; дробить;
акча майдала- разменивать деньги;
майдалап сүйлө-
1) говорить учтиво и складно;
2) говорить о мелочах;
орчун-орчун жерин айтпастан, майдалап кетти не сказав о важном, он говорил о мелочах.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кесек, келки нерселерди кичине бөлүктөргө бөлүү, майда түргө келтирүү, майда кылуу. Дыңды бузуп майдалап, Үрөндү тегиз сепкиле (Осмонкул). 2. Майда себелөө. Майдалап жааган жаан. 3. Ири, чоңураак суммадагы акчаны майда акча менен алмаштыруу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. поле битвы, фронт;
майданга чык- вступить в единоборство, выйти на поединок;
өзүңдү эр дедиңби? - майданга чык ты назвался молодцем? - выходи на поединок; назвался груздём - полезай в кузов;
майдан сал- вступать в бой, сражаться;
ачык майданда салгылаш- вступать в открытый бой;
майдан тарт- строиться в боевой порядок;
көтөрүлүп бу калмак, майдан тартып туруптур фольк. поднялись эти калмыки и построились в боевой порядок;
согуш майданы поле военных действий, поле брани, фронт;
биримдик майданы полит. единый фронт;
эмгек майданы уст. трудовой фронт;
2. возделанная площадь, обработанная земля; площадь, покрытая зеленью;
шибээ деген эл экен, жери майдан жер экен фольк. народ (тот) называется "шибээ" (сибинцы), земля его обработана;
көк ала майдан зелёная лужайка, зелёный луг;
сары майдан
1) местность, покрытая пожелтевшей растительностью;
2) осенняя пора;
3. площадь;
жолугары кең майдан, беттештери кең сайдан фольк. место их встречи (для поединка) - широкая площадь, место их схватки - в широкой ложбине;
4. южн. сад (обычно не плодовый);
такыр жерди майдан кылдың, сугардың стих. голую землю ты превратил в сад, оросил;
бетегелүү майданым или көлөкөлүү майданым фольк. (эпитеты возлюбленной) моя отрада (букв. моя ковыльная лужайка или мой тенистый сад);
таш майдан каменистая местность.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Көк чыккан аянт, эмгек жумшап көгөртүп-жашартылган жер. Ачылган ар түрдүү гүл бактын ичи, Көрүнөт көз алдыңда жашыл майдан (Үмөталиев). Суусуз болгон талааны, Майдан кылып тирилткен (Бөкөнбаев).
  1. 2.           Согуш талаасы, согуш болуп жаткан жер; фронт. Кан жошулган майданда Карсылдаша салыштык (Бөкөнбаев). Эл таалайы үчүн биздин замандын ак ниет кишилери майданда (Сыдыкбеков).
  2. 3.           Күрөш участогу, белгилүү бир участок, фронт. Маданий майдан. Эмгек майданы.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«МАЙДАН» — жазгыч акын жана Манасчы Тоголок Молдонун варианты боюнча «Семетей» бөлүмүнөн түзүлгөн китепче (Фр., 1943). Басмага даярдаган редактору Ж. Бейшекеев. Китепте камтылган окуя «Коңурбайдын Таласка жасаган жүрүшү» деген темада баяндалат. «Манас» эпосунан «Семетей» бөлүгүнө өткөн терс каармандардын ашкан амалдуусу, каардуусу, эң коркунучтуусу Коңурбайдан оор жарадар болгон Манас баатыр Таласка келип дүйнөдөн кайтат. Кыйды Коңурбай эми кыргыз элин баш көтөргүс абалга жеткирүүнү жана Манастын уулу Семетейди жок кылууну ойлойт. Анын бул аракети менменсинүүдөн же текеберленүүдөн келип чыкпайт. Манастын өлүмүнө себепчи болгон Коңурбай жоокерчилик салт боюнча кан кууп, өч ала турган Семетейден кооптонот. Эпосту түзгөн эл да баскынчы душмандардан коргоочу башкы баатыры катары кун кууп, өч алуучу милдетти Семетейге жуктөшөрүн сезген кыйды Коңурбай Үч-Бээжинге кабарлап эл башчы кандарын жыйып кеңешет:
Кечээ кайратымдын барында,
Айбатым толук чагында,
Ушул канкор кулдун атасы
Кан Манасты жайладым.
Алтайга бурут келтирбей
Түркстанга айдадым...
Түркстанда кыргыздан
Манастын уулу Семетей,
Кездеше турган чоң душман
Атадан артык тууптур.
Бул керишип турган жоо койбойт,
Кезенген душман соо койбойт.
Таласын барып чаппасак,
Талап малын албасак,
Семетейди өлтүрүп
Минтип кумар канбасак (7—8-б.)
деген Коңурбайдын талабына баары макул болушат. Алты ай камданган Коңурбай 60 миң кол менен Таласка аттанып бейкут жаткан кыргыздарды камайт. Таластын суусун башка жакка бурдуруп, элди суусуз калтырат. Баскынчы душмандар Семетейдин айлын аткылай баштаганда Айчүрөк токуп, даярдап койгон Тайбуурул байлоосун үзүп качканда Коңурбай кармап алып, терең ор каздырып салдырып коёт. Аны айлалуу баатыр Күлчоро зындандан алып чыгат. Кыргыз эли бул кордукка чыдабастан Семетейдин жетеги боюнча басып алуучулукка каршы бүт көтөрүлүштү. Кандуу майдан бир нече күнгө созулуп, зордукчул Коңурбайдын аскери жеңилүүсу менен окуя аяктайт.
С. Бакенов

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көк чыккан аянт, эмгек жумшап көгөртүп-жашартылган жер. Ачылган ар түрдүү гүл бактын ичи, Көрүнөт көз алдыңда жашыл майдан (Үмөталиев). Суусуз болгон талааны Майдан кылып тирилткен (Бөкөнбаев). 2. Согуш талаасы, согуш болуп жаткан жер, фронт. Кан жошулган майданда Карсылдаша салыштык (Бөкөнбаев). Эл таалайы үчүн биздин замандын ак ниет кишилери майданда (Сыдыкбеков). 3. Маданий майдан. Эмгек майданы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. совместно выступать в бою, в схватке; выступать единым фронтом;
2. сражаться друг с другом;
атышты, көпкө майдандашып жеңише алышпады они перестреливались, долго сражались, но не могли одолеть друг друга;
3. выходить на поединок, сражаться на поединке;
майдандашар жериң тар фольк. твоё место, где (мы) должны сражаться, тесно.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАЙДА ТАРТИП БУЗУУЧУЛУК – коомдук жайларда сөгүнүп-сагынуу, жарандарга мазактоо менен тийиштик кылуу жана башка (ошондой) коомдук тартипти бузуучу жана жарандардын тынчын алуучу аракеттер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАЙДА УУРУЛУК – өзүмдүк кылып алуу, уурдоо, жок кылып коюу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу же алдоо жолу менен жасалган укукка каршы аракеттер. Уурулук укук бузуу болгон учурда уурдалган мүлктүн наркы мыйзамда белгиленген бир айлык эмгек акынын көлөмүнөн ашпаса майда өлчөмдүү катары таанылат.