КЫЛМЫШТУУ ЖЕҢИЛ ОЙЛУУЛУК – КР кылмыш-жаза укугунда күнөө таризи, кылмыштуу байкабастыктын бир түрү. К. ж. о. айыптуу адам өз аракетинин же аракетсиздигинин акыры коомчулукка коркунучтуу кесепетин тийгизиши мүмкүн экендигин билип туруп, терсаяктык менен аны жоюуга ашыкча ишеним артуусу менен мүнөздөлөт. Ал адам мындай учурда кандайдыр бир тышкы таасирлерден улам кылмыш натыйжасы болбойт деп эсептөө менен, өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө (тажрыйбасына, шамдагайлыгына, ийкемдүүлүгүнө), башка адамдардын кийлигишүүсүнө ишенип жасашы да мүмкүн. К. ж. о. күнөкөр коомчулукка кооптуу кесепетин тийгизе турган кылмышка атайылап жол берүүчү кыйыр ниеттен дал ушунусу менен айырмаланат.
КЫЛМЫШТУУ ЖОРУК – 1) жазык укугунун теориясында адамдын жүрүм-турум эрежелерине сыйбаган, антисоциалдык, кылмыш мыйзамы менен корголгон коомдук мамилелерге зыян келтирүүчү жорук. Кылмыш мыйзамынын тигил же бул статьясына жаткан, акыл-эсинде тургандагы негиздүү аракеттердин же аракетсиздиктин, б. а. психологиялык жана билек күч абалынын бирдигинен көрүнгөн, адамдын аңсезимдүү жүрүм-туруму. К. ж. өзүнүн объективдүү маңызы боюнча коом үчүн коркунучтуу аракет же аракетсиздик болуп саналат, ал эми субъективдүү алганда – ардайым белгилүү максат жана белгилүү жүйө менен жасалган айыптуу жорук; 2) кылмыш дегендин бирдиктүү түшүнүгү болбогон укук тармактарындагы жазаланууга жаткан кылмыштуу аракеттердин (аракетсиздиктин) жалпыланган аталышы. Алып айтсак, француз жазык укугунда К. ж. (оордук деңгээлине жана айып таризине жараша) кылмышка, жазыкка жана бузууга бөлүнөт.
КЫЛМЫШТУУ КИРЕШЕ – кылмыштуу жол менен табылган акчалар, баалуу кагаздар, башка материалдык, интеллектуалдык баалуулуктар же аларга болгон укуктар, ошондой эле материалдык эмес жыргалчылыктар.
кылмыштуулук кылмыштуулуктун ал дын алуу (ук.) кылмыштуулуктун се бептери (ук.) кылмышты жиктөө (ук.) кылмышты кесип ката ры жасоо (ук.) кылмыштын жыйын дысы (ук.)
КЫЛМЫШТУУЛУК – кылмыштаанууда ар бири үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган, укукка каршы иш жүзүндө жасалган баардык жосундардын жыйындысын билдирүүчү түшүнүк, ошондой эле белгилүү мыйзам ченемдүүлүктөргө, сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөргө ээ болгон массалык терс социалдык-укуктук көрүнүш.
КЫЛМЫШТУУЛУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮ – кылмыштуулукка алып келүүчү түрткүлөрдү жоюуга (азайтууга) багытталган экономикалык, саясий (анын ичинде укуктук), психологиялык, уюштуруучулук, техникалык мүнөздөгү чаралардын жыйындысы; кылмыштарды ачуу жана иликтөө (кылмышкерлерди издөө), каттоо, болтурбоо, алдыналуу; адилет жазалоону ишке ашыруу; кылмыш кылган адамдарды оңдоо; жаза тартып чыккандан кийин алардын жүрүм-турумдарын көзөмөлдөө; кылмыштардын терс натыйжаларын жоюу.
КЫЛМЫШТУУЛУК ТҮЗҮМҮ – кылмыш таанууда белгилүү бир убакыт аралыгында белгилүү бир аймактагы кылмыштардын жалпы санында кылмыштардын аркыл түрлөрүнүн салыштырма салмагы (көрсөткүчү).
КЫЛМЫШТУУ ШАЛААКЫЛЫК – абайсыздыктан болгон айып түрү (кара:Кылмыш олдоксондук). К. ш. жол берилгенде адам улам кийинкисине маани бербестен, коом же инсан үчүн коркунучтуу жорук жасайт, ошентсе да иштин жагдайы боюнча аны алдынала көрүп, аларды болтурбай коюшка болмок. Өзүнүн аракеттеринин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун алдынала көрө билүү милдети мыйзам талаптарынан, ошондой эле кызмат жана кесиптик милдеттерден, атайын укуктук эскертме эрежелерден ж. б. келип чыгат. К. ш. кокустуктан айырмалоо керек..
КЫЛМЫШТУУ ШЕРИКТЕШТИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды такай жасоо үчүн алдынала уюшуп алган 2 же андан көп адамдардын же топтордун туруктуу бекем бирикмеси. К. ш-ти уюштурган, болбосо аны жетектеген адам аларды уюштургандыгы жана жетекчилик кылгандыгы үчүн, ошондой эле К. ш-тин жасаган баардык кылмыштары үчүн, эгер алар анын алдынала ойлонуштурулуусуна кирген болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга жатат. К. ш-ке кирген башка адамдар ага катышкандыгы үчүн, ошондой эле өздөрү даярдоого жана жасоого катышкан кылмыштары үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартышат.
КЫЛМЫШТУУ ШЕРИКТЕШТИК (КЫЛМЫШТУУ УЮМ) ТАРАБЫНАН ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды такай жасоо үчүн аладынала уюшуп алган (түзүлгөн) туруктуу уюмдашкан 2 же андан көп адамдардын тобу же топтор тарабынан жасалган кылмыш.