курт I червь, червяк; ала курт овечья блоха (болезнетворный паразит); ала курт басты денимди, аябай тешти теримди стих. блохи покрыли моё тело, издырявили всю мою кожу (говорит овца); кыл курт нитчатка (глист); кызыл курт личинка конского овода; сарбашыл курт южн. древесный червь; кара курт 1) каракурт (вид очень ядовитого паука); 2) перен. масса, очень много, бесчисленное множество; калмак, манжу, кыргыз журт - көпчүлүгүң кара курт фольк. калмыки, маньчжуры, киргизский народ - вас бесчисленное множество; эл ичинде эл жүрөт, эт ичинде курт жүрөт погов. среди народа люди живут, в мясе черви живут (попадают отдельные люди из других родов или в один коллектив входят люди из другого коллектива и так или иначе уживаются); эшек курт 1) личинка майского жука; 2) чатк. моль; мурдуңан эшек куртуң түшө элек ты ещё жизни не видал; молод ты ещё и зелен; эшек куртуң тирилип калбадыбы! да ведь ты теперь опять ожил! (напр. приобрёл потерянное было положение); куртту кандырдык мы наелись кислого (букв. мы удовлетворили червяка); курту кайнап турат (о женщине) она так и льнёт к мужчинам; куш-курт см.куш I. курт II редко, то же, чтокурут I. курт III подражательное слово, обозначающее звук, возникающий, например, при разрезании лопатой мелких корней; курт-курт күрөктөр чымга саят лопаты с треском втыкаются в дёрн. курт IV см.курук III.
Айрым түрк тилдеринде, анын ичинде Түркия түрк тилинде «бөрү, карышкыр» маанисин туюндурган бул сөздүн азыркы кыргыз тилиндеги мааниси башка. Бирок бул сөздүн байыркы мааниси «куш-курт» деген деген кош сөздө сакталып калган. Алсак, К.К.Юдахин бул кош сөздүн маанисин «животные, животный мир, живые существа» деп чечмелеген (Юдахин 1965:457). Ал эми кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө бул «бөрү, карышкыр» маанисиндеги эски сөз экендиги белгиленген (КТС 2010:821). Сыягы, «куш-курт» деген кош сөз «ит-куш» деген сыяктуу эле «бөрү» деген табу сөздүн ордуна колдонулган болсо керек. Түшүндүрмө сөздүктө берилген мисал да ушуну тастыктап тургансыйт: «Мал куш-курттан аман болсо, жакында жайлоого көчөбүз» (КТС 2010:821). Мындан тышкары, кыргыз тилинин түштүк-батыш диалектисинде бул сөз «бөрү» маанисинде азыр да колдонулат: «курт I батк. бөрү; куртка бүгүн каракчы койовуз» (Мукамбаев 2009:565).
Белгилей кете турган нерсе, түрк тилинде жогорудагы курт сөзүнүн кыргыз тилиндегидей эле «червь» маанисин туюндурган омоним түгөйү да бар. Сыягы, бул эки омоним байыркы мезгилдерде көп маанини туюндурган бир сөз болуп, алгачкы мааниси «червь» болсо керек жана «бөрү, карышкыр» деген мааниси табуга (атын атоого тыюу салууга) байланыштуу кийинчерээк пайда болсо керек. Түрк тилиндеги бөжек «насекомое» деген сөздүн түркмөн тилинде «бөрү» деген мааниде да колдонулушу буга далил боло алат (ЭСТЯ:168).
Иранча хурд «кичинекей, майда» сөзү түрк тилдерине курт болуп кабыл алынган. Эң кичинекей нерсе кыргыз тилинде куртка салыштырылып, курттай делет. Ушуга караганда курт сөзү алгач «кичинекей» маанисиндеги сөз болушу мүмкүн. Иран тилинде хуранда этишинин учур чактагы атоочтук формасы хурдан түрүндө болот да, «жегич, ичип-жээр» маанисин берет. Мына ушул хурдан формасы курт болуп кабыл алынып, «жегич, жеп жиберүүчү» деген маанидеги сөзгө айланышы мүмкүн. Анткени куртту жегич катары түшүнүү да кыргыз элинин түшүнгүндө бар.
тяньш. 1. сверстник; 2. перен. любимый, любимая; куртегим, сени көргөндө кумарым канат бир далай фольк. когда я вижу тебя, любимая, желание моё удовлетворяется.
Байыркы учурда бул сөз «кемпир, карыган аял» дегенди билдирген. Махмуд Кашгаринин сөздүгүнөн кездешет: «куртга бүдик билмес йерим тар тер кемпир бий билбейт жерим тар дейт». Кыргыз тилинде жер аты катары сакталып калган: белгилүү болгондой, айтылуу Тоголок Молдо атабыздын жери ушундай аталат. Мындан тышкары, «кары-куртаӊ» деген кош сөздүн курамында да ушул сөздүн изи бар сыяктанат.
(Kurtoidei) куртус түспөлдүүлөр; өзөндө жашоочу балыктардын бир түркүмчөсү, булардын кыйла өкүлү бар: куртусовые (Kurtidae) — куртус сымалдуулар (тукум), куртус (Kurtus) — куртустар (уруу).