куртка
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыБайыркы учурда бул сөз «кемпир, карыган аял» дегенди билдирген. Махмуд Кашгаринин сөздүгүнөн кездешет: «куртга бүдик билмес йерим тар тер кемпир бий билбейт жерим тар дейт». Кыргыз тилинде жер аты катары сакталып калган: белгилүү болгондой, айтылуу Тоголок Молдо атабыздын жери ушундай аталат. Мындан тышкары, «кары-куртаӊ» деген кош сөздүн курамында да ушул сөздүн изи бар сыяктанат.