Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Иранча хурд «кичинекей, майда» сөзү түрк тилдерине курт болуп кабыл алынган. Эң кичинекей нерсе кыргыз тилинде куртка салыштырылып, курттай делет. Ушуга караганда курт сөзү алгач «кичинекей» маанисиндеги сөз болушу мүмкүн. Иран тилинде хуранда этишинин учур чактагы атоочтук формасы хурдан түрүндө болот да, «жегич, ичип-жээр» маанисин берет. Мына ушул хурдан формасы курт болуп кабыл алынып, «жегич, жеп жиберүүчү» деген маанидеги сөзгө айланышы мүмкүн. Анткени куртту жегич катары түшүнүү да кыргыз элинин түшүнгүндө бар.