Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Айрым түрк тилдеринде, анын ичинде Түркия түрк тилинде «бөрү, карышкыр» маанисин туюндурган бул сөздүн азыркы кыргыз тилиндеги мааниси башка. Бирок бул сөздүн байыркы мааниси «куш-курт» деген деген кош сөздө сакталып калган. Алсак, К.К.Юдахин бул кош сөздүн маанисин «животные, животный мир, живые существа» деп чечмелеген (Юдахин 1965:457). Ал эми кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө бул «бөрү, карышкыр» маанисиндеги эски сөз экендиги белгиленген (КТС 2010:821). Сыягы, «куш-курт» деген кош сөз «ит-куш» деген сыяктуу эле «бөрү» деген табу сөздүн ордуна колдонулган болсо керек. Түшүндүрмө сөздүктө берилген мисал да ушуну тастыктап тургансыйт: «Мал куш-курттан аман болсо, жакында жайлоого көчөбүз» (КТС 2010:821). Мындан тышкары, кыргыз тилинин түштүк-батыш диалектисинде бул сөз «бөрү» маанисинде азыр да колдонулат: «курт I батк. бөрү; куртка бүгүн каракчы койовуз» (Мукамбаев 2009:565). Белгилей кете турган нерсе, түрк тилинде жогорудагы курт сөзүнүн кыргыз тилиндегидей эле «червь» маанисин туюндурган омоним түгөйү да бар. Сыягы, бул эки омоним байыркы мезгилдерде көп маанини туюндурган бир сөз болуп, алгачкы мааниси «червь» болсо керек жана «бөрү, карышкыр» деген мааниси табуга (атын атоого тыюу салууга) байланыштуу кийинчерээк пайда болсо керек. Түрк тилиндеги бөжек «насекомое» деген сөздүн түркмөн тилинде «бөрү» деген мааниде да колдонулушу буга далил боло алат (ЭСТЯ:168).