курт
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Омурткасыз майда жаныбар. Тыттын жалбырагына тойгон курттар барсайып калыптыр (Касымбеков). Убактысында сугар, курттан сакта (Сыдыкбеков).
¨ Ала курт — ичегисине ичке узун мите курту түшүүнүн натыйжасында болуучу койлордун ич оорусунун аты. Койлорго ала курт түшө баштаган көрүнөт (Жантөшев). Жибек курт — тыт жалбырактарын жеп, денесине жибек (пилла) ороочу курт. Кара курт — кургак жерде жашоочу, өңү кара, жөргөмүш сыяктуу уулуу курт. Эшек курту мурдунан түшө элек — жакшы-жаманды көрүп, такшала элек, турмушту үйрөнө элек; жини кагыла элек.