катуу I и. д. откат- V прятание, сокрытие; күндүн ысыгынан башыңы катууга көлөкө таппай не находя тени, чтобы спрятать голову от солнечной жары. катуу II 1. твёрдый, жёсткий; катуу тоют грубый (жёсткий) корм; катуудан - тиш, жумшактан - ич погов. (тяжело, когда болят) из твёрдого - зубы, из мягкого - живот; өлөйүн десем, жан таттуу, кирейин десем, жер катуу фольк. (так тяжело, что) умереть бы мне, да душа сладка, провалиться бы мне, да земля тверда; катуудан казан, жумшактан күлүн койбой (разграбив) всё дотла (букв. из твёрдого не оставив котла, из мягкого - пепла); 2. суровый, свирепый, жестокий; ожесточённый; катуу уруш ожесточённая драка, схватка; катуу сын суровая критика; быйыл кыш катуу болду в этом году зима была суровая; 3. сильный, резкий; катуу шамал сильный, резкий ветер; катуу суук сильный холод; агыны катуу суу быстрая река; уят өлүмдөн катуу погов. позор сильнее (хуже) смерти; катуу кыйкырык громкий крик; оозу катуу тугоуздый (конь); жаасы катуу требовательный, неподатливый (человек); катуу баа твёрдая цена; катуу сүйлөшүү или катуу айтышуу крупный разговор; көп катуу кетпейлик не будем перехватывать через край; катуу баш скупой; жолу катуу киши решительный и крутой человек; иш катуу кетти дело приняло крутой оборот; катуу бүркөр см.шумкар 1. катуу III и. д. откат- IV затвердевание.
¨ Жолукатуу — иши оңунан чыкпаган, кара жолтой. Жолу катуу түгөт чал, Жолбун иттей улуп кал (Тоголок Молдо). Катуубаш — сараң, зыкым, колунан эч нерсе чыкпаган. Кайын энем катуу баш (Осмонов). Кулагыкатуу — кулагы жакшы укпаган, дүлөйүрөөк, керең. — Тиги атаңдын кулагы катуу, кыйкыра сүйлөбөсө укпайт (Убукеев).
КАТУУкат этиштеринин кыймыл атоочу.
Азыркы жумшак сөзүнө карама-каршы мааниде айтылган катуу сөзү кат этишине кыймыл атоочту жасоочу -уу мүчөсү жалгануудан келип чыкпайт. Ал сөз кат+ык деген морфемадан куралат. Мындагы -ык мүчөсү жумша этишинен жумшак деген сын атооч жасалгандагыдай, этиштен атооч жасоочу -ык мүчөсүнүн жардамы менен жасалган. Бирок катык деген алгачкы түрүнүн аяккы к тыбышы үндүүгө өтүшүнөн улам созулма үндүү пайда болуп, катуу түрүнө келген.
1. Катып калган, борпоң, жумшак эмес. Коңторо чаап майдалап, Катуу жерин эриткен (Осмонкул). Ашыр көмүрдүн катуу катмарын оюп иштеп жатты (Сасыкбаев). Жыгачтын катуусунан жасалган аяк, кашыктарыңды бергиң жокпу («Ала-Тоо»). 2. Оор, кыйын, кыйноо тарттырарлык, алсыратарлык. Бир ай болду абакем, Оорусу катуу Кадырдын («Мендирман»). Атакеңдин башы ооруйт, Өлчөлүү жерим катуу ооруйт («Эр Төштүк»). 3. Аябай, өткөрө, эң эле, өтө эле. Мен сизге катуу уят болдум («Ала-Тоо»). Кабары катуу чыкты («Чалкан»). Ачуусу катуу келген экен («Ала-Тоо»). 4. Бек, күч менен. Эшик ачылып, катуу жабылды (Сыдыкбеков). Эл дүрүлдөп катуу күлүп жиберди (Токомбаев). Катуу чаппа, этин оорутасың («Чалкан»). Катуу кыйкырып, катуу ыйлап коркута албайсың балам, башка түшкөндү көтөрбөскө айлаң жок («Ала-Тоо»). 5. Тез, ылдам, күү менен. Шахтёр катуу чуркагандыктан, жалтырак асфалътка тайгаланып, көмөлөнүп да кетти (Сасыкбаев). Катуу келдим, Минген атым кара тер, Сүрдүү кең Түп, тайыз жериң, кайсы жер? (Осмонов). Арчатору буудан да, Ачуурканып камчыга, Арышын катуу керди эми («Эр Табылды»). 6. Оор, орой, көңүл ооруткудай, капа кылгыдай. Бардыгынан Татыбекке ушул катуу тийди (Байтемиров). Акырында атам катуу сөздөрүн айтуудан да тартынбады (Жантөшев). Бердибектин сөзү катуу айтылат (Шамшиев). 7. Күчтүү, бекем. Катуу шамал. Агымы катуу дарыя. Катуу толкун. 8. Чыдамдуу, туруштук бере турган күчү бар. Жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу (макал).
Тып-тыйпылын чыгаруу, жер менен жексен кылуу, быт-чытын чыгаруу. Сен бул элдин катуудан казанын, жумшактан күлүн калтырчу оюң барбы? - деди Чаки жасакерленип (Ш. Үмөталиев). Жер дүңгүрөткөн күчкө биригип душманын кызыл уук кылып, катуудан казан калтырбады (Көчкөнов).
Тыптыйпылын чыгаруу, жер менен жексен кылуу, быт-чытын чыгаруу. Сен бул элдин катуудан казанын, жумшактан күлүн калтырчу оюң барбы? –деди Чаки жасакерленип (Ш.Үмөталиев). Жер дүңгүрөткөн күчкө биригип, душманын кызыл уук кылып, катуудан казан калтырбады (Көчкөнов).
Аша чабуу, чектен чыгуу, ченден чыгуу. Бу Кайрыдин экөөбүз чогуу окуган жолдош да элек, көп катуу да кетпейли (Бердикеев). - Өтө эле катуу кетип жаткан жокпузбу, эже? - деп сурады Төлөмүш (Бердикеев). Койсоңузчу апа, кээде ушинтип катуу кетмеңиз бар (Егиналиев).
Аша чабуу, чектен чыгуу, ченден чыгуу. – О-о, бул жерден балам катуу кеттиң. Эстүү киши антип сүйлөбөйт (Байтемиров). Бу Кайрыдин экөөбүз чогуу окуган жолдош да элек, көп катуу да кетпейли (Бердикеев). – Өтө эле катуу кетип жаткан жокпузбу, эже? – деп сурады Төлөмүш (Бердикеев). Койсоңузчу апа, кээде ушинтип катуу кетмеңиз бар (Егиналиев).
1. усиливаться, становиться сильнее; жаан уламдан-улам катуулады дождь всё усиливался и усиливался; 2. принять резкую, грубую форму; разъяриться, рассвирепеть; катуулап айт- сказать твёрдо, резко; катуулап карады он свирепо посмотрел; "деги сага эмне керек?" деп, катуулай баштады он начал свирепеть, мол, что тебе вообще-то нужно.
1. Жүрүшүн, кыймылын тездетүү, ыкчамдоо. Катуулап жүрүшүнө караганда, шашылыш бир иш менен бара жаткан (Турусбеков). Катуулап жумуш кылууга, Кары-жаш тегиз умтулду (Осмонкул). 2. Аябай күчөө, күчүнө алуу, кыйын боло баштоо, оордоо. Шамал катуулап, жаан чапкындай баштады (Жантөшев). Алексеев оорусунун катуулап турганын билдиргендей кабагын чытып койду (Жантөшев). 3. Бирөөгө катуу айтып, сезгидей мамиле кылуу, тил тийгизе айтуу. Бригадир баягыдан катуулап отуруп «сен», «мен» дешкенге чейин бара турган болду («Ала-Тоо»).
возвр. откатуула- 1. быть крепким, стойким; Манастын барлыгындай катуулан фольк. будь таким же стойким, как если бы был (жив) Манас; 2. разъяриться, разгневаться; катууланып чакырдың, таксыр кан, неге келди ачууң? фольк. ты гневно позвал, в чём, господин хан, причина твоего гнева?
1. Нерсенин катуу экендиги, бектиги, катуу, бек экендигине байланыштуу сапаты. Жыгачтын катуулугу. Жердин катуулугу. 2. Адамдын туруктуулук, кайраттуулук, чыдамкайлык сапаты. Катуулугуң болсо экен, Тереңден чыккан темирдей (Токомбаев). 3. Сараңдык, зыкымдык. Катуулук кылып койдуң да, болбосо уулуңдан аяган дүнүйөң сени ажалдан ажыратып калмак беле («Ала-Тоо»).
КАТУУ РЕЖИМДЕГИ ТҮЗӨТҮҮ АБАГЫ – КРде мурда кылмыш жасагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөп чыккан, ошондой эле кооптуу кылмыш жасаган эркек адамдар эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүн өтөй турган түзөтүү абагынын бир түрү. Ал эми аялдар жаза мөөнөтүн өтөөчү катуу режимдеги түзөтүү абагында өзгөчө оор кылмыш жасаган,ошондой эле кооптуу кылмыш кылган аялдар эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүн өтөйт.