Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы жумшак сөзүнө карама-каршы мааниде айтылган катуу сөзү кат этишине кыймыл атоочту жасоочу -уу мүчөсү жалгануудан келип чыкпайт. Ал сөз кат+ык деген морфемадан куралат. Мындагы -ык мүчөсү жумша этишинен жумшак деген сын атооч жасалгандагыдай, этиштен атооч жасоочу -ык мүчөсүнүн жардамы менен жасалган. Бирок катык деген алгачкы түрүнүн аяккы к тыбышы үндүүгө өтүшүнөн улам созулма үндүү пайда болуп, катуу түрүнө келген.