КАТУУ КЕТҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Аша чабуу, чектен чыгуу, ченден чыгуу. – О-о, бул жерден балам катуу кеттиң. Эстүү киши антип сүйлөбөйт (Байтемиров). Бу Кайрыдин экөөбүз чогуу окуган жолдош да элек, көп катуу да кетпейли (Бердикеев). – Өтө эле катуу кетип жаткан жокпузбу, эже? – деп сурады Төлөмүш (Бердикеев). Койсоңузчу апа, кээде ушинтип катуу кетмеңиз бар (Егиналиев).