КАТУУ КЕТҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Аша чабуу, чектен чыгуу, ченден чыгуу. Бу Кайрыдин экөөбүз чогуу окуган жолдош да элек, көп катуу да кетпейли (Бердикеев). - Өтө эле катуу кетип жаткан жокпузбу, эже? - деп сурады Төлөмүш (Бердикеев). Койсоңузчу апа, кээде ушинтип катуу кетмеңиз бар (Егиналиев).