Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. 1. Жумшак эмес, жумшактын карама-каршысы.
  1. 2.                  Кыйын, оор. Бир ай болду абакем Оорусу катуу Кадырдын (Жантөшев). Уят өлүмдөн катуу (макал). Катуу уят болду.
  2. 3.                  Акырын эмес. Катуу жабылган эшиктин табышынан Аскар.. селт этти (Сыдыкбеков).
  3. 4.                  Тез, ылдам, бат. Балбан күлүк паровоз, Дагы катуу жүрсө экен (Маликов).
  4. 5.                  Оор, орой, сылык эмес. Катуу тийип турабы Ушул сөзүм көөнүңө (Үсөнбаев). Акырында атам катуу сөздөрүн айтуудан да тартынбады (Жантөшев).
  5. 6.                  өт. Бекем, чыдамдуу, чыдамкай. Жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу (макал).

¨ Жолу катуу — иши оңунан чыкпаган, кара жолтой. Жолу катуу түгөт чал, Жолбун иттей улуп кал (Тоголок Молдо). Катуу баш — сараң, зыкым, колунан эч нерсе чыкпаган. Кайын энем катуу баш (Осмонов). Кулагы катуу — кулагы жакшы укпаган, дүлөйүрөөк, керең. — Тиги атаңдын кулагы катуу, кыйкыра сүйлөбөсө укпайт (Убукеев).
КАТУУ кат этиштеринин кыймыл атоочу.